Аляева, Базарбаев жана Кайратова

«Помогать легко» коомдук фондунун башчысы Динара Аляева Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди сынга алды. Ал министрди учурда иштеп жаткан борборлорго реабилитологдорду даярдап, адистердин таңкыстыгын чечүүгө чакырды.

Аляева майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо «эстрададан эмес, адистерди даярдоодон башталат» деп билдирди.

«Сиздердин жок дегенде 10 балага кам көрө турган канча реабилитологуңар бар? А 200 балагачы? [...] Адегенде өзүңөрдүн карамагыңардагы психоневрологиялык үйлөрдөгүлөргө дарыланууга мүмкүнчүлүк түзгүлө. Андагы медкызматкерлер атына эле жүрүшөт. Алар ооруну басаңдатууну эмне экенин да билишпейт. Жада калса, заманбап протоколдору деле жок. [...] Ал эми “реабилитация” деген сөздү алар деги эле укпаган чыгар!» — деди ал.

Ошондой эле ал, Атамбаев менен Бакиевдин жер тилкелерин реабилитациялык борборлордун курулушуна өткөрүп берүү чечими ырчы Анжеликанын долбоорунун алкагында чыгарылганын сынга алды.

Ал «күн сайын баласын ким Кой-Ташка ташыйт» деген пикирин айтып, ага кете турган каражатты балдардын жашоосун жакшыртууга жумшоого чакырды.

«Кызматкерлер ага отчет бергидей Анжелика Кайратовна канча убакыттан бери майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо менен алектенет? Эмнеге ушундай балдар менен күн сайын иштеп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жабылып калбайлы деп аракеттенип жүргөндөр мындай долбоорлорго тартылышпайт?», — деп суроо салды ал.

Аляеванын билдирүүсүнөн кийин ырчы Анжелика да Инстаграм барагына жооп жазды. Анда ал Аляевага кайрылып, «ал ар дайым ак ниетте болгонун» белгиледи.

«Мен реабилитация менен алектенген эмесмин! Мен карапайым элдин үнүн тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө жеткирип келгенмин! [...] Дагы бир жолу айтам, бардык сураныч, кайрылуу өзүм үчүн эмес. Элим үчүн! Менин максатым бийликке жагынуу, адамдарды ыраазы кылуу эмес», — деди ал.

Кийинчерээк Аляева кайрадан пост жазып, анын дооматы Анжеликага эмес, министрге болгонун айтты.

«Эгер мен талантым бар-жогуна карабай эртең ырдап чыксам, ал эми маданият министри мени Опера жана балет театрына директор кылса, сизде ага суроолор жаралмак», — деди ал.

17-августта Кыргызстандын мурдагы президенттери Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевге таандык үйлөрдө майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялоо борборлору ачылары белгилүү болгон.

Эмгек министрлигинен күнү-түнү иштей турган борборлорду Бакиевдин Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү 519 жана 521-турак үйлөрүндө, Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө ачуу пландалып жатканын айтышкан.

Ведомстводон реабилитациялык борборлорду куруу иштери башталганын белгилешкен.

Анжелика жана Атамбаевдин үйү

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. Сүрөт: Бакыт Төрөгелди уулу/Azattyk

Ал эми 11-августта ырчы Анжелика Кайратова президенттен Алмазбек Атамбаевдин үйүн шал илдети менен жабыркаган балдарга өткөрүп берүүнү суранып, Instagram барагына билдирүү жазган.

Анда майыптыгы бар балдардын энелери көбүнчө жалгыз бой энелер экени айтылып, алардын көпчүлүгүнүн жумушу жана туруктуу үй-жайы жок экени белгиленген.

«Жайгашкан аймагы, климаттык шарты майыптыгы бар балдардын ден-соолугуна кам көрүүгө, реабилитациялоого ыӊгайлуу экенин эске алып, [үйдү] ушул категориядагы жарандарга берүүӊүздү суранабыз», – деп ырчы Садыр Жапаровко кайрылган.

Анжеликанын кайрылуусунан кийин мурдагы президент Атамбаевдин уулу депутат Сеид Атамбаев өзүнүн Фейсбук барагына ырчынын кайрылуусун «бийлик тарабынан жакшы түзүлгөн сценарий» экендигин айтып, Анжеликага өзүнүн үйүн берүүсүн сунуштаган. Бир нече сааттан кийин ырчы депутаттын жообу өкүндүргөнүн билдирген.

15-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Анжеликаны кабыл алып, мурдагы президенттерге таандык жер тилкелерине балдар үчүн реабилитациялык борборлорунун долбоорлору даяр экенин билдирген. Бул туурасында ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырган.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ырчынын кайрылуусун алдын ала сүйлөшүлгөн буюртма экендигин айткан.

«Министр Кудайберген Базарбаев 2 күндөн кийин эле бул аялды кабыл алып, реабилитациялык борборлордун даяр долбоорун көрсөтө коймок эмес», — деген адвокат өзүнүн Фейсбук барагында.

Буга чейин Жоошев үйдү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүү боюнча соттун чечими жок болгондуктан алууга болбой турганын айтып: «Ал жерде Атамбаевдин жакындары жашап жаткан. Алар үйдү бошотпойт», – деп билдирген. Ал ошондой эле мындай кадамдар чоң ызы-чуу жаратышы ыктымал деген пикирин айткан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду буга чейин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекеттин балансына өткөргөнүн билдирип, ал эми Садыр Жапаров Бакиевдин үйү майып балдарга берилерин, Атамбаевдин үйү карылар үйү болорун айткан.

Бозгун президент Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйү 2010-жылы 7-апрелде өрттөлгөн. 2010-жылдан кийин ал жерде майыптыгы бар адамдар баш калкалап келген. Ал эми 2018-жылы аталган мүлктөр Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнү кабарланган.


ТЕМА БОЮНЧА:

Бакиев менен Атамбаевдин үйлөрүндө балдар үчүн реабилитациялык борборлор ачылат