Садыр Жапаров: Мен Атамбаевге окшоп уурдап, мультимиллиардер болсом коркутса болот эле

Садыр Жапаров/Алмазбек Атамбаев

Президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевдин үйү Сооронбай Жээнбеков маалында, ал эми Курманбек Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон деп «Би-Би-Си» басылмасына билдирди.

Өлкө башчы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карылар жана балдар үчүн кызмат көрсөтө турганын белгиледи.

«Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр — мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коёлу деп курулуш иштерин баштап жатабыз», — деди Жапаров.

Ошондой эле президент Атамбаевдин тарапташтарына да карылуу жасап, алардан «корко турган адам эмес» экенин айтты.

«Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот», — деп эскертти Жапаров.

Мындан сырткары, ал учурдагы бийлик кландашып кетпегенин айтып, мамлекеттик мүлктүн тонолушуна жол бербей турганын билдирди.

«Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет», — дейт өлкө башчы.

Деген менен Temirov Live редакциясынын журналисттери ушул жылдын март айында президент Садыр Жапаровдун учурда жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп турган кезектеги тууганы тууралуу иликтөөсүн жарыялашкан.

Журналисттер Эсеп палатасынын төрагалык кызматын аркалап жаткан Алмазбек Акматов менен президенттин туугандык байланышын далилдеп, ал киши Садыр Жапаров президент болгондон кийин жогорку кызматты аркалай баштаганын аныкташкан.

Кененирээк окуңуз: Садыр Жапаровдун кудасы Мамлекеттик миграция кызматын жетектейт — Factcheck.kg

Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясы

Майдын аягында Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президенттин Чүй районуна караштуу Кой-Таш айылындагы үйүн «Акаевдердин, Бакиевдердин жана Жээнбековдордун үй-бүлөлүк-кландык режимдеринин кылмыштарын эскерүү үчүн музей», балдар үчүн бекер билим берүү жана эс алуу комплексин ачууну пландап жатышканын жарыялашкан.

Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери Атамбаевдин үй-бүлөсүн үйдөн чыгаруу үчүн келишкен.

ММФ өзү экс-президенттин Кой-Таштагы үйү соттун чечими менен мамлекеттин менчиги болуп, ал фонддун балансында экенин билдирген. Мекеме ден соолукту чыңдоочу комплекстин базасында карылар үчүн социалдык стационардык мекеме түзүүнү сунуштаган.

Ошондой эле Мамлекеттик мүлк фонду Атамбаевдин тарапташтарына үч күндүн ичинде имаратты бошотуу боюнча жазуу түрүндө кат жөнөткөн. Бирок Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө үч күндүн ичинде үй мүлкүн конфискациялоо жана көчүрүү боюнча эскертүү берилбегенин айткан. Анын айтымында, Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү ага кабар берилбестен кайра каттоодон өткөн.

Кийинчерээк социалдык тармактарда Чүй облусунун Арашан айылынын тургундарынын өздөрүн «Атамбаевдин тарапкерлери» деп атаган кайрылуусу пайда болгон. Алар биринчиси мыйзамсыз кармалып жатканын айтып, «чоң тополоң боло электе» Атамбаевди жана анын шериктерин бошотууга чакырышкан болчу.

Учурда Атамбаев Молдовановка айылындагы колонияда камакта. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ал дагы бир нече кылмыш иштеринин фигуранты.

20-майда июнь окуясы боюнча айып Убактылуу өкмөттүн дагы үч мүчөсүнө тагылганы белгилүү болгон — УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевге, экс-коргоо министри Исмаил Исаковго жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго. Үчөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсүнүн, анын ичинде Отунбаева менен Атамбаевдин мүлктөрү тууралуу маалыматтарды тактап жатканы белгилүү болгон.