Бакиев менен Атамбаевдин үйлөрүндө балдар үчүн реабилитациялык борборлор ачылат

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү. Сүрөт: Бакыт Төрөгелди уулу/Azattyk

Кыргызстандын мурдагы президенттери Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевге таандык үйлөрдө майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялоо борборлору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 17-августта фейсбук барагында билдирди.

Күнү-түнү иштей турган борборлорду Бакиевдин Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндөгү 519 жана 521-турак үйлөрүндө, Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө ачуу пландалууда.

«Ал жерде нерв, таяныч-кыймыл аппараттарын же сезүү органдарын майып кылуучу оорулардан жабыркаган майыптыгы бар, психикасы жана жүрүм-туруму бузулган балдар дарылана алат. Кичинекей бейтаптар физикалык жана психологиялык саламаттыгын чыңдашат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ведомстводон реабилитациялык борборлорду куруу иштери башталганын белгилешти.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 200 миңге жакын майыптыгы бар жаран жашаса, анын 35 миңин 18 жашка чейинки балдар түзөт.

Анжелика жана Атамбаевдин үйү

Буга чейин, 11-августта ырчы Анжелика Кайратова президенттен Алмазбек Атамбаевдин үйүн шал илдети менен жабыркаган балдарга өткөрүп берүүнү суранып, Instagram барагына билдирүү жазган.

Анда майыптыгы бар балдардын энелери көбүнчө жалгыз бой энелер экени айтылып, алардын көпчүлүгүнүн жумушу жана туруктуу үй-жайы жок экени белгиленген.

«Жайгашкан аймагы, климаттык шарты майыптыгы бар балдардын ден-соолугуна кам көрүүгө, реабилитациялоого ыӊгайлуу экенин эске алып, [үйдү] ушул категориядагы жарандарга берүүӊүздү суранабыз», – деп ырчы Садыр Жапаровко кайрылган.

Анжеликанын кайрылуусунан кийин мурдагы президент Атамбаевдин уулу депутат Сеид Атамбаев өзүнүн Фейсбук барагына ырчынын кайрылуусун «бийлик тарабынан жакшы түзүлгөн сценарий» экендигин айтып, Анжеликага өзүнүн үйүн берүүсүн сунуштаган. Бир нече сааттан кийин ырчы депутаттын жообу өкүндүргөнүн билдирген.

15-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Анжеликаны кабыл алып, мурдагы президенттерге таандык жер тилкелерине балдар үчүн реабилитациялык борборлорунун долбоорлору даяр экенин билдирген. Бул туурасында ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырган.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ырчынын кайрылуусун алдын ала сүйлөшүлгөн буюртма экендигин айткан.

«Министр Кудайберген Базарбаев 2 күндөн кийин эле бул аялды кабыл алып, реабилитациялык борборлордун даяр долбоорун көрсөтө коймок эмес», — деген адвокат өзүнүн Фейсбук барагында.

Буга чейин Жоошев үйдү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүү боюнча соттун чечими жок болгондуктан алууга болбой турганын айтып: «Ал жерде Атамбаевдин жакындары жашап жаткан. Алар үйдү бошотпойт», – деп билдирген. Ал ошондой эле мындай кадамдар чоң ызы-чуу жаратышы ыктымал деген пикирин айткан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду буга чейин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекеттин балансына өткөргөнүн билдирип, ал эми Садыр Жапаров Бакиевдин үйү майып балдарга берилерин, Атамбаевдин үйү карылар үйү болорун айткан.

Бозгун президент Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйү 2010-жылы 7-апрелде өрттөлгөн. 2010-жылдан кийин ал жерде майыптыгы бар адамдар баш калкалап келген. Ал эми 2018-жылы аталган мүлктөр Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнү кабарланган.