«100 миң доллар». Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Ысык-Көл облусунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 22-августта облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш бала ишенимине кирип, 32 миң АКШ долларын, «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаасын жана башка унааларын тартып алганын айткан.

Милиция бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, келтирилген чыгымдын жалпы өлчөмүн 100 миң АКШ доллар деп баалаган.

Кармалган шектүү. Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБи

Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну кармалды. Ал ИИМде уюшкан кылмышытуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы белгилүү болду.

Сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, териштирүү буткөнгө чейин, бир айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Үстүбүздөгү жылдын башында Ысык-Көл облусунунун Балыкчы шаарында эки адамды бычактоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган.

Бул боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тема боюнча:

УКМК адам уурдоо жана акча опузалоого шектеп уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсүн кармады