Ысык-Көл: Эки адамды бычактоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

16-январда Ысык-Көл облусунунун Балыкчы шаарында эки адамды бычактоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 5-январь күнү кечки саат 20:30дар чамасында Балыкчы шаарында болгон. Анда милицияга шаардык ооруканага бычакталган 31 жана 32 жаштагыТоң районунун эки тургуну келип түшкөнү тууралуу билдирүү түшкөн.

Факты боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Жабырлануучулардын ден соолугуна келтирилген залалды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 28 жана 30 жаштагы эки жаран кармалды. Алар Балыкчы ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин 2021-жылдын декабрь айында Баткен облусунун Баткен районундагы Бөжөй мектебинин 43 жаштагы мектеп директору бычакталган. Ал алган жараатынан улам Айдаркен шаардык ооруканасынан каза тапкан.

Маркумдун өлүмүнө шектүү катары 24 жаштагы айылдашы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.