УКМК адам уурдоо жана акча опузалоого шектеп уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсүн кармады

Шектүүлөр. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 4-апрелде уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү адам уурдап, андан соң акча опузалоого шектелип кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, алгач атайын кызматка «О.Ю.» аттуу жаран кайрылып, инисин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү уурдап кетип, ижарага алынган батирде кармап турганын кабарлаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун тобунун мүчөлөрү экени айтылган.

УКМК «Адамды уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 2-апрелде үч киши кармалды. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Дөө Чыңгыз» деген ким?

Чыңгыз Жумагулов «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун «жигердүү мүчөсү» экени айтылат. Бирок Жумагулов Көлбаев менен байланышын четке каккан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылы Жумагуловду «Киши өлтүрүүгө аракеттенүү», «Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу» жана «Ээнбаштык» беренелери менен 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны 2016-жылдын апрель айындагы Бишкектеги Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги атышууга тиешеси бар деп тапкан. Ал эми 2018-жылдын башында сот Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда бошотууну чечкен.

Чыңгыз Жумагулов. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Ал эми 2019-жылы «Дөө Чыңгыз» жана анын айланасындагы адамдар УКТнын эки мүчөсүн өлгүчө сабоого шектелип кармалган. 2020-жылы ал «Ээнбаштык» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Аны менен бирге Жумагулов «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу», «Ден соолукка оор залал келтирүү» жана «Автотранспорт каражаттарын айдай качуу» беренелери боюнча акталган.

Жумагулов менен бирге соттолгон Марсбек Тентиев жана Ильяс Айдакеев бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, 190 миң сом өлчөмүндө айып төлөп, 13 жылга эркинен ажыратылган.

Жумагулов 2021-жылдын июль айында эркиндикке чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан муну кримтөбөлдүн «тергөө изоляторунда отурган бир күнү эки күнгө эсептелет» деп түшүндүрүшкөн.