Кыргызстандык Элиф Туралыева өзүнүн хореографы жана продюсери Чубак Канатбек уулу тарабынан сексуалдык ыдыкка кабылганын айтып чыкты. Туралыева милицияга арыз жазды, ал эми Канатбек уулу күнөөсүн четке кагууда.

Элиф өзүнүн окуясын Teens.kg долбооруна айтып берген, алар анонимдүүлүктү сактап, аны Instagram барагына жарыялаган.

Кыздын айтымында, 2019-жылы алар бий тобу менен бир үйдө чогуу жашашчу, ал эми продюсери көбүнесе алардын үйүндө түнөп калчу. Ал кезде Туралыева жашы жете элек кыз болчу.

Ошол кезде Канатбек уулу ага «сексуалдык ыдык көрсөткөн».

Кыздын окуясы коомчулукта резонанс жаратты, ал эми соцтармак колдонуучулары комментарийлерде сөз Канатбек уулу тууралуу болуп жатканын жазышты.

Элиф «Клооптун» журналисти менен маек куруп, кантип үч жыл өткөндөн кийин ыдык тууралуу айтып чыгууну чечкенин баяндап берди.

«Ал кезде менде коркуу сезими бар эле — бий тобунан чыгарып коюшат деп коркчумун. Бардык бийлик жана авторитет анын колунда эле. Окуядан бир апта өткөндөн кийин башка катышуучуларга айтып бергем, бирок мага эч ким ишенген эмес жана бул темада сүйлөшпөй коюшкан. Аны менен иштешүүнү улантып, бий тобун ыңгайсыз абалда калтырбоо үчүн мен өзүмдү баарын унутууга мажбурлагам. Бирок бир нече айдан кийин мени “мүнөзү оор болгондуктан иштешкенге кыйын” деген жүйө менен үйгө жиберип салышкан», — деп айтып берди ал.

Анын айтымында, ал үч жыл аралыгында сегиз психотерапевт алмаштырган. 2021-жылдын күзүндө гана өзүнүн дарыгери менен олуттуу дарыланууга киришкен. Туралыева аны башкалар түшүнбөй, ага ишенбей, мурункудай эле унчукпай коюшат деп корккон.

«Бирок бир адамга айтып бергенден кийин, колдой турган адамдар бар экенин түшүндүм. Кийинчирээк, бул окуяны анонимдүү түрдө жибергем, адамдар өздөрү эле ачыгын билип алышты», — деди ал.

Хореографтын башка окуучулары эмне дейт?

Agusha ылакап аты менен белгилүү блогер жана хореограф Айгүл Болотбек кызы Элиф менен бирге Love iz бий тобунун курамында бийлечү. Ал өзүнүн Instagram барагында кыздын сөздөрүн тастыктады.

«Кыздар менен бирге жашаган учурда, кечинде көп чогулчубуз. Бир кезде Элиф абдан катуу ыйлап баштады. Сураштырсак, Чуба [Чубак Канатбек уулу] менен болгон окуяны айтып берди. Биз анда [Чубак] менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчүбүз. [Окуяны] угуп алып, эмне кыларымды билбей калдым. Өзүм үчүн да, Элиф үчүн да абдан ыза болдум — бардыгы катаал болуп жатты. Эртеси мен [Чубак] менен сүйлөшсөм, чынында ушундай окуя болгонун тастыктады. Кандайдыр бир далилим барбы? Жок. Эмне үчүн ушунча убакыт унчукпай жүрүп айтып берүүнү чечкенимди көпчүлүк түшүнбөйт», — деп жазды ал.

Дагы бир swwedens никнейминдеги колдонуучу бул окуя тууралуу хореографтын көп окуучулары биле турганын айтты.

«Азыр аны кызматкерлери канчалык коргобосун, 2019-жылы окуган окуучулары, Famland’дын баары (бий тобу — ред.) бул тууралуу билчү. Бул чындык экенин бардыгы тастыктап бере алат, бирок эмнегедир үн катпай жатышат. Famland’ге барып жүргөн кезде ал тууралуу толтура окуяларды уккам. Бирок 15-17 жашымдагы психикам мунун баары чындык экенин кабыл ала алган эмес. Бул тууралуу ойлонбогонго аракет кылгам. Эми бул кандай окуя болгонун түшүнүп жатам. Мен Чубанын мурдагы окуучуларынан колдоо көрсөтүүнү суранам, кимге экенин өзүңөр билесиңер», — деди ал.

Ошондой эле ал Чубактын Украинадагы катталуучуларынан каттар келип жатканын кошумчалады.

«Мага эң көп анын Украинадагы катталуучулары окуяларын жазып жатат. Ал эгер аларга порнодон үзүндүлөрдү, өзүнүн сүрөттөрүн (кандай мүнөздөгү сүрөттөр экенин түшүнсөңүздөр керек) жиберсе, алардын интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүн сураса "боло берет" деп, бул эч качан ачыкка чыкпайт деп ойлогон окшойт», — деп жазды кыз.

Элифтин сөздөрүн хореографтын дагы бир мурдагы окуучусу тастыктады.

Канатбек уулу өзү эмне дейт?

Хореограф Чубак Канатбек уулу «Клооптун» журналистине берген маегинде, азыр «териштирүү» жүрүп жаткандыктан комментарий бере албасын айтты. Ал баары аныкталган соң редакцияга жазууну убадалады.

Буга чейин Канатбек уулу өзүнүн Инстаграмы аркылуу катталуучуларына кайрылып, Элифтин ыдык тууралуу сөздөрүн четке каккан.

Милициянын версиясы

20-августта Туралыева Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Кыздын айтымында, милиция бөлүмүндө «ишти жана арызды кабыл алгысы келбей», ага басым жасашкан.

«Алар мага сөз бербей, алдыма отуруп алып, Тикток көрүп жатышты. Ал жакта эч ким иштебейт экен. Алар арызды кабыл алып, сейфке салып коюп, иш он жылдап жата берерин билчү белеңер? Коркпогула. Мен дагы коркком, бирок менин колуман келет. Алар “сени зордуктап кеткен жок да” дешти. Бул коркунучтуу. Мен алардын “дагы 10 жылдан кийин келбейт белең” деген сөздөрүнөн нес болдум», — деп жазды Туралыева.

Кыз далил катары милицияга баргандагы аудиону да жарыялады.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан «Клоопко» Элиф арыз менен 20-августта кайрылганын айтышты. Милициядан мындай арыз менен кыздан башка эч ким кайрылбаганын кошумчалашты.

«Ал чала тааныш эркек кишиге карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Кыз ал жаран 2019-жылдын сентябрь айында эртең менен саат 09:00 чамасында Ахунбаев көчөсүндөгү үйдө, массаж жасайм деген шылтоо менен аны сексуалдык мүнөздөгү адепсиз аракеттерге көндүрүүгө аракет кылган», — деп билдиришти РИИБден.

Милициядан аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталганын, тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү башталганын айтышты.

Мындан тышкары Элиф, арызын Башкы прокуратурага жана Акыйкатчы аппаратына жибергенин билдирди.

Кийинчирээк, ал милицияга экинчи ирет барганын айтып берди. Анын айтымында, ал басым астында сурак учурунда айтылгандарды ачыкка чыгарбоого койгон.

«Анын [милиционердин] сөздөрү мындай болду: “Эми интернетке чыгарарда, ушул берене эсиңде болсун”», — деп билдирди ал.

Балдарга карата зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. ИИМдин маалыматына ылайык, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көп учурда иштер сотко жетпейт, себеп дегенде балдарга карата зомбулук учурлары көбүнесе туугандар тарабынан болот.

Президент Садыр Жапаров 12-августта балдарга карата зомубулукка каршы мыйзамды күчөтүүчү мыйзамга кол койгон.

Авторлошу: Медина Купсулдаева

ТЕМА БОЮНЧА:

Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн