Эскертүү! Текст терс эмоцияларды пайда кылышы мүмкүн. Эгерде сексуалдык зомбулуктун чоо-жайын окууга даяр эмес болсоңуз, анда биздин сайттагы башка макаланы тандаңыз.

Бишкекте 13 жашар кыздын үч киши тарабынан зордукталышына байланыштуу сот отуруму башталды. Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Ал эми мектеп окуучусун зордуктоого айыпталган официантка карата тергөө жыйынтыкталып, иштин материалдары сотко жөнөтүлдү. Жабыркаган өспүрүм кыздын жакындары милиционерлер жоопкерчиликтен буйтап кетеби деп тынчсызданышууда.

Текстте сот отурумуна катышкан «Азаттык» басылмасынын журналисттеринин маалыматтары колдонулду.

2022-жылы февраль айынын аягында, журналист Адыл Акжол уулу Фейсбук барагына 13 жашар кызды беш ай бою зордуктап жүргөн кишилер тууралуу пост жарыялаган. Постто кылмыш ишине үч милиция кызматкеринин тиешеси бар экени айтылган.

Март айынын башында аталган иш боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин аймактык тескөөчүсү, 34 жаштагы кири кармалганы белгилүү болгон.

Айдын орто ченинде дагы бир милиционер кармалган — ал Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин жашы жете электер менен иштөөчү инспектору болуп чыккан. Шектүү 39 жашта. Жыйынтыгында, бул ишке байланыштуу төрт киши кармалган — үчөөнүн иши сотто каралууда, төртүнчү айыпталуучунун иши сотко өттү. Айыпталуучулар жана шектүү тууралуу кенен маалымат, аты-жөнү өзгөртүлдү:

41 жаштагы Кумарбек. Эки жолу үйлөнгөн, беш баласы бар. Мурда соттолгон, абактан 2009-жылы бошотулган. Сотто «Дордой» базарында кароолчулук кыларын айткан. Кумарбек Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү, «Он төрт жашка толо элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча айыпталууда.

39 жаштагы Дайырбек. 2018-жылдан бери Бишкектин Ленин РИИБде жашы жете электер менен иштөө бөлүмүндө инспектор болуп иштеген. Үй-бүлөлүү, үч кызы бар. Ага да ошол эле 165-жана 337 — «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Үчүнчүсү — 34 жаштагы Эрмек. Жогорку юридикалык билимдүү, сот тармагында иштеп жүргөн. 2016-жылы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө нөөмөтчү милиционер, 2019-жылдан бери Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн. Ажырашкан, эки кызы бар. Ага карата ошол эле 156-берене «Он төрт жашка толо элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» жана 337 «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

19 жаштагы Марат. Бишкектеги мейманканалардын биринде официант болуп иштейт. Буга чейин соттолгон эмес, бойдок. Маратка 154-беренинин 3-бөлүгү — «Жашы 14кө толо элек баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча тергөө аяктап, материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Коркутуп анан зордукташкан

13 жаштагы жабырлануучу кыз «Дордой» базары тараптагы конушта таенеси жана байкеси менен жашаган. Анын атасы Орусияда иштеп, апасы боору ооругандыктан стационарда жатып дарыланат. Кыздын зордукталганы тууралуу 2022-жылдын февраль айында белгилүү болгон, бирок кийиинчерээк ал өткөн жылдын жай айларынан бери сексуалдык ыдыкка кабылып келгени аныкталган.

Кыздын айтымында, «Дордой» базарындагы дүкөндүн сатуучусу аны «кулакчын уурдоого» айыптап, 40 жаштагы жергиликтүү кароолчу Кумарбекке өткөрүп берген.

«[Кумарбек] кулакчын уурдоого аракет кылганың үчүн 100 миң сомго чейин төлөп каласың же он жылга камаласың" деп коркутту. Эжемен акча сурап берейин, бирок 5-10 миң сом эле таап бере алабыз" десем, "анча акча жетпейт" деп айткан. Анан машинасынын артына, менин жаныма өтүп, колдорумду кайрып, ыйлаганыма, суранганыма карабай зордуктап салды», — деди 13 жашар кыз сот отурумунда.

Жабырлануучу кыздын атасынын айтымында, кыз коркконунан пайдаланып Кумарбек жана эки милиция кызматкери кызды коркутуп, зордукташкан.

«Кызымды былтыр августта "Дордойдогу" дүкөндөн кулакчын уурдоого аракет кылды деп, дүкөндүн ээси өзүнүн мурда соттолгон таанышына кармап бериптир. Кумарбек деген адам өзүн "милиционермин" деп, кызыл күбөлүгүн көрсөтүп, кызымды машинасына салып кетиптир. Ээн жерге алып барып, алгач акча талап кылган. "Уурулук кылганың үчүн 10 жылга камалып кетесиң, 50 миң сом таап бер" дептир. Кызым анча акча таба албайм деп, улуу кызыма чалыптыр. Эжеси бош болбой калганбы, телефонун көтөрбөптүр. Ал кыйла коркутуп, анан жашы жете элек балдар менен иштеген тааныш милиция кызматкерин — Дайырды чакырыптыр. Ал да келип, кызымды андан ары коркутуп, машинасында музыкасын катуу чыгарып коюп, күч колдонуп, кызымды зордуктаптыр. Андан кийин кайра тиги соттолгон адамга калтырып кетип калган», — деп айтып берди кыздын атасы.

Кыздын атасы Кумарбек кыздын телефон номерин алып, телефон чалганда алып жүр, болбосо камап коёбуз деп коркутканын кошумчалады. Кыздын атасынын айтымында, Кумарбек кызга дээрлик күн сайын телефон чалып, мектептен алып кетип, киши жок жерде зордуктап жүргөн.

«Көп өтпөй Кумарбек "мен башка жакка которулуп кеттим, сенин ишиңди Эрмек деген бала карайт, ал чалганда да чыгып, мага кылгандай мамиле кылып жүргүн" деп айтыптыр. Анан Эрмек дегени кошулуптур. Айтор, бул үчөө кызымды каалагандай зордуктап, бири-бирине, башка тааныштарына сатып жүрүшкөн окшойт. Кызым коркконунан эч кимге эч нерсе айта албай, алардын колундагы оюнчугуна айланып калыптыр», — деди кыздын атасы.

Зомбулук тууралуу кабар качан ачыкка чыккан?

Өспүрүм зордуктоого кабылганы тууралуу үй-бүлөсү кокусунан билип калган. 16-феврала кыз мектептен кийин үйүнө кайтып келген эмес. Ошол күнү ал апасынын SIM-картасын колдонгон.

«Чалсак, чакыруу кетет, бирок жооп бербейт. Саат ондорго чукулдаганда телефон өчүп калды. Мугалимине да чалдык. Саат түнкү он бир жарымдан өткөндө гана мугалими "кыз милицияда экен" деп чалды. Биздин участкалык милиция бөлүмүндө экен. Барсак, кызым отуруптур, "эмне болду" десек, "маршрутка албай кечигип кетти" деп койду. Ал жерден бизге кошулуп үйгө келди, эч нерсе айткан эмес», — деди Алинанын атасы.

Сексуалдык зомбулук тууралуу эртеси күнү маалым болгон. Кыз мектепке кеткенде анын апасынын SIM-картасына «Кандай жетип алдың?» деген билдирүү келген.

«Билдирүү шылдыңдагандай күлгөн смайлик менен чогуу келди. Эмне болуп кетти деп, кызымдын атынан жооп жаздым. Жакшы жеткенимди, өзүнүн ал-акыбалын сурадым. Ал мага "кечээкидей дагы каалап атасыңбы" деп жазганда өзүмдү жоготтум. Билдирүүлөрдү улуу кызыма көрсөттүм. Экөөбүз кеңешип, чоң уулума да көрсөттүк. Ал тиги номурга чалып, "менин сүйлөшкөн кызыма неге жазып атасың, сен кимсиң" дегенде, "ал кыз менен сүйлөшпөй эле койчу, анын иши эчак эле бүтүп калыптыр, колдон-колго өтүп кетиптир" деген жооп келди. Ошондо анан атасын иштен чакырып, ага айттык», — деп билдирди кыздын апасы.

Атасынын сөзүнө караганда, Алинага жаңы жылдан тартып төртүнчү адам — 19 жаштагы Марат WhatsApp аркылуу жазып жүргөн. Кыз номерин бөгөттөп койсо, улам жаңы номерден жазып жүрүп, «Кумарбекке айтып коем» деп коркутуп, 16-февралда Ош базарына келүүгө мажбурлап, зордуктаптыр.

Мектеп окуучусунун апасы кыздын келечегин ойлоп милицияга арыз жазгысы келбегенин айтат. Андан көрө эч ким тааныбаган, билбеген жакка көчүп кетүүнү туура көргөн. Бирок, анын айтымында, жолдошу такыр каршы болуп, «кызыбызды кордоп жүргөн айбандар жоопко тартылышы керек» деген. Кыздын ата-энеси чогуу барып милицияга арыз жазышкан.

Милиция мейманканадагы видеобайкоочу камерадагы жазууларды алган. Ошондон кийин 20 жаштагы Марат колго түшкөн.

Ишти жаап-жашырууга аракет кылышууда

Соттук-медициналык экспертизадан кийин кыз көптөн бери зордукталып жүргөнү маалым болгон.

«Соттук-медициналык экспертиза кылгандардын бири мени чакырып,"кызыңыз көптөн бери эле катнашка барып жүргөндөй, жакшылап сурагыла, көптөн бери эле зордукталып жүргөн окшойт" деди. Биз кызыбызды кайра кысмакка алдык. Ошондо гана ал бизге милиционерлер тууралуу айтып атпайбы...», — деди атасы. Кийинчирээк кызды суракка алган милиционерлер укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине карата тагылган айыптар тууралуу маалыматы бар экени белгилүү болгон.

«Көрсө, кызым алар тууралуу милицияга арыз жазганы барган күнү эле айткан экен. Бизден жашырып, аларга айтыптыр. Ал жердеги опер кызматкерлер кызымдан бул тууралуу эч кимге айтпашын талап кылышыптыр. Алардын бири "азыр 5 минут сүйлөшүп алалы" деп, кызымды бир кабинетке алып кирип кеткен эле. Мен "кызым жашы жете элек, ал жалгыз өзү көрсөтмө бере албайт, мен жанында болушум керек" десем, "азыр чыгат" деп коюп эле чыгарбайт. Көрсө, ал кызымдан тиги зордукчулардын аттарын, телефон номурларын сурап алып, ошол жерден эле алар менен байланышыптыр. Кызыма болсо, "сенин ишиң боюнча бул бала камалат, башкалар тууралуу айтпа" дептир. Кийин кызымдын телефондон ошол опер кызматкер деген менен сүйлөшкөнүн угуп, жазышканын окуп, анан билип атабыз. Эртеси эле тергөөчүгө барып, андан милиционерлердин иши тууралуу сурасак, "муну прокуратура тергейт" деп койду"», — деди жабырлануучунун атасы.

Свердлов райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогону менен ата-энелер милиционерлер жазадан кутулуп кетет деп кооптонушууда.

«Булардын адвокаттары улам эле алардын бирин оорукчан, экинчисин психикалык жактан соо эмес дегендей справкаларды сотко тапшырып жатышканы кооптондурууда. Мурда соттолгон Кумарбекти "акыл-эси ордунда эмес" деп, анын көрсөтмөлөрүн жокко чыгаруу аракети да болуп жатат. Мурдараак менин кызымды атайын психологдордун жардамы менен психдиспансерге жаткырууга аракет кылышкан. Кызым өзү көнбөй, жатпай койгон эле. Балким, аны да психикасы жабыркайт деп диагноз коюп, баары кутулуп кетүүгө аракет кылышмак. Анткени сотто бири да күнөөсүн мойнуна албай, менин кызымды "оозуна келгенди оттоп жатат" деп жатышат», — деп айткан кыздын атасы.

Жабырлануучунун энеси айыпталуучулар кызын эл жок, ээн жерде зордуктап жүргөнүн айткан.

«Кызым мектепте 2-сменде окуйт. Сабактан кечинде чыгат. Алар мектептен чыкканда эле тосуп туруп, машинасына салып кетишчү экен. "Барбайм чыкпайм" десе, "камалгың келип жатабы" деп коркутушчу экен. Прокуратуранын тергөөчүсүнө кызым өзү зордукталган жерлердин баарын биздин көзүбүзчө көрсөтүп берди. Базардын четиндеги айланма жолдо, таштанды полигонунда, кулпунай айдалган талаада, вулканизациянын артында...Акмактар, балапанымдын канатын кайрышты... Жашабагырлар, өздөрүндө да кыздары бар экен, кантип ушуга барышты?» — деп жабырлануучунун энеси суроо салды.

Көйгөйдүн тамыры терең

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. ИИМдин маалыматына ылайык, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ал эми өткөн жылдын январында ИИМ Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккенин билдирген. Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилеген. Жабырлануучу үй-бүлөлөр арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, анан алып кете алышат.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балдарга жардам көрсөтүү борбору бар.

Борборго +996773192099 жана +996707079597 номерлери аркылуу кайрылса болот. Жалал-Абадда дагы «Ак жол» реабилитациялык борбору иштейт, байланыш номери +996773741191.

Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • «Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
  • «Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
  • «Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
  • Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
  • Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.

Дагы окуңуз: «Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз