Жалал-Абадда экстремисттик көз карашты жайылтууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү өлкөдө тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын биринин материалдарын ачык түрдө сактап, социалдык тармактарда бөлүшүп, чакырыктарды жасап жатканы аныкталган.
Бул факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
Ал эми диний-лингвистикалык жана техникалык экспертизалар шектүү Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик, террордук «Өзбекстан Ислам Кыймылы» уюмуна тиешелүү материалдарын бөлүшүп жүргөн деген корутунду чыгарган.
Топтолгон далилдердин негизинде 24-август күнү шектүү кармалган. Ал учурда Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө уланып жатат.