Араван районунда «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү кармалды

Ош облусунун Араван районунда өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай жана Оштун Ноокат районунан келген төрт киши — 40 жаштагы Г. Ш., 39 жаштагы Н.М., 31 жаштагы Я. Х. жана 21 жаштагы Ш. А. Араван районунда жашыруун жайылтуу иштерин жүргүзгөн. Ошондой эле Араван районунун айрым тургундарын мүчөлүккө ала баштаган.

Аны менен катар, Араван районунун 53 жаштагы Т.М., 20 жаштагы А. Ж., 44 жаштагы Ж. Ш., 38 жаштагы Х. А. атуу тургундары дагы кармалды.

Кармалгандардын арасында мурда соттолгондору да бар. Бул факты боюнча «Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо» беренесинин бешинчи бөлүмү менен төрт кылмыш иши козголуп, эки иш сотко өткөрүлүп берилди.

ИИМдин басма сөз кызматы тергөө амалдары уланып жатканын кошумчалады.

«Йакын-инкарчылар» деген кимдер?

«Йакын-Инкар» Кыргызстанда «Таблиги жамааттан» өзүнчө бөлүнүп чыккан агым катары айтылып келет. 2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту «Йакын-Инкар» агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон.

«Йакын-инкарчылар» «балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбош керек» деген сыяктуу көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет.

Учурда өлкө боюнча бул агымдын канча тарапташы бар экенин көрсөткөн так маалымат жок. Бул агым өлкөдө экстремисттик уюм катары тыюу салынганга чейин эле катарын көбөйтүүгө жетишкен. «Йакын-ИИнкар» кыймылынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра башташкан.

«Йакын-Инкар» Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргенге чейин айрым аалымдар «инкарчыларды» коомго зыяны жок, бирок заманбап жашоону тангандыгы менен өзгөчөлөнгөн адамдар катары баалап келишкен.