Ноокаттын 56 жаштагы тургуну фейсбуктан экстремисттик билдирүү таратууга шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Алмаз Исман Калет/Azattyk

Ош облусунун Ноокат районунун тургуну соцтармактарда экстремисттик билдирүүлөрдү таратууга шектелип жатат. Тургундун «фейсбукта өлкөнүн аймагында тыюу салынган диний маалыматтарды бөлүшүп жүргөнүн» Баткен облусунун Кадамжай РИИБи аныктаган.

Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдиргендей, аталган РИИБдин экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери фейсбукта Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисстик уюмуна таандык маалыматтарды бөлүшүп жүргөн аккаунтту тапкан.

Бул факты боюнча «Экстремисстик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен иш ачылган. Анын алкагында аккаунтту Ош облусунун Ноокат районунун 56 жаштагы тургуну колдоноору белгилүү болуп, милиционерлер анын үйүн 15-июнда тинтүүгө алган.

Натыйжада үйдөн аталган экстремисттик уюмга таандык беш даана китеп, үч баракча, диск жана телефон табылып далил буюм катары алынган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Юсупова экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынчы милиция тургунду камай албайт деп кошумчалады.