ТИМ: Орусияда жаңжал учурунда ок атылып, бир кыргызстандык каза болуп, дагы бирөө жабыркады

Орусиянын Зеленоградск административдик округунда жаңжал учурунда ок атылып, бир кыргызстандык каза болуп, дагы бирөө жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-августка караган түнү Зеленоградск районундагы кафелердин биринде болгон. Шектүү жаңжал учурунда ок чыгарып, качып кеткен.

Атылган ок эки кыргызстандыкка тийген. Алардын бири, 33 жаштагы кыргыз жараны жеринде каза болуп, ал эми экинчиси ооруканага жаткырылган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Орусиянын 38 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тышкы иштер министрлиги бул иш Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө экенин белгиледи. Элчиликтин юристтери маркумдун жакындары менен байланышты.

Өткөн жылдын аягында Москва шаарынын борборунда таксист болуп иштеген кыргызстандык октон жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Анда жол жээгинде чыр чыгып, кыргызстандыкка ок атылганы айтылган. Бул боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата Орусияга жалпысынан 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.

Тема боюнча:

Орусияда эки кыргыз жараны канализацияга агып кетүүсүнө байланыштуу ишкананын директору кармалды