Темировдун кылмыш ишиндеги паспорттун номери чыныгысынан айырмаланат — адвокат

29-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча кезектеги отурум болду.

Темировдун жактоочусу Бакытбек Автандил «Клооптун» кабарчысына маек куруп, отурумда иликтөөчү журналистке мыйзамсыз паспорт алуу боюнча кылмыш ишин козгогон УКМКнын тергөөчүсүн суракка алууну өтүнүшкөнүн айтып берди.

Юристтин айтымында, кылмыш ишинде көрсөтүлгөн паспорттун номери чыныгысынан айырмаланып турат. Бирок судья адвокаттардын өтүнүчүн четке кагып, ал эми прокурор аны «жөнөкөй эле ката» деп билдирген.

Автандил бул чечимди даттана тургандарын билдирди.

Темировдун адвокаттары күбөлөрдүн бирин — ИИМдин тергөөчүсүн — сотко мажбурлап алып келүүнү дагы суранышканын айтат.

Жактоочунун айтымында, милиция кызматкери «эмгек өргүү» делип процесстерге келбей жатат, анткен менен ага чакыруу берилип, ал тургай прокурор дагы чалган.

Автандил күбө кай жакта гана болбосун сотко келип көрсөтмө берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Бул өтүнүчтү сот канааттандырган.

Кийинки сот отуруму 30-августта болот.

Болот Темировго козголгон кылмыш иштер

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Бир нече күндөн кийин, 22-январда, милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Мындан сырткары соцтармактарда Темировду жана анын командасын каралаган видеолор тарай баштаган.

Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон. Алар: «паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «баңги заттарын даярдоого» байланыштуу.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.