ИИМ Болот Темировдун документтерин эмне үчүн текшерип баштаганын түшүндүрдү

ИИМдин өкүлдөрү 26-апрелде дагы бир ирет маалымат жыйын өткөрүп, иликтөөчү журналист Болот Темировго карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыктарын айтып беришти. Буга чейинки маалымат жыйыны 21-апрелде өткөн болчу.

Тергөө кызматынын башчысы Алтаир Исмаилов бардык төрт иш сотко өткөнүн билдирди. Бул иштер паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо фактылары боюнча козголгон. Тизмектелген биринчи үч иш тууралуу 20-апрелде гана белгилүү болгон.

Алтаир Исмаилов, Чынарбек Майлыбеков жана ИИМдин өкүлү Бакыт Сеитов. Сүрөт: «Клооп».

«Түшүнүү керек, жыйынтыктоочу туура укуктук квалификация берүү үчүн Жазык процессуалдык кодексинде бардык жагдайды, анын ичинде адамдын өзүн да изилдеп чыгуу керек», — деп кошумчалады ал.

Майлыбеков кылмыш иштери козголгон күндөрдү дагы маалымдады. Анын айтымында, бул 22 жана 23-январь, 30-март жана 19-апрель. Буга чейинки маалымат жыйында ИИМдин өкүлдөрү жаңы кылмыш иштери УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу Temirov LIVE’дын кезектеги иликтөөсү чыккандан кийин эле дароо козголгонун «дал келүү» деп аташкан.

Шаардык ИИБдин башчысынын орун басары Темиров Кыргызстанда туулгандыктан өлкө жарандыгын алууга укугу бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда ал журналисттин орус жарандыгы бар экенин, мындайда кыргыз паспортун президенттин буйругу менен гана ала алмак деп кошумчалады.

«[Документтерди] карап чыгуучу тиешелүү комиссия бар. Аягында ал жарандык ала турган жарандардын тизмесин берет», — деп түшүндүрдү ал.

Уурдаган эмес, башка номерди колдонгон

Майлыйбеков журналист башка адамдын аскердик билетинин номерин колдонгонун дагы билдирди. Буга чейин президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төарагасы Камчыбек Ташиев журналист аскердик билетти уурдап, ага сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошонун жардамы менен кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деп айтышкан.

«[Темиров] Кыргызстандын паспортун алуу үчүн расмий документтин маалыматын колдонгон. Ошол эле учурда Орусиянын жараны болуп турган. Апыртпайлы, уурдаган эмес, бирок билип туруп аскер билетинин номерин колдонгон», — деди Майлыбеков.

Анын айтымында, Темиров колдонгон аскердик билеттин ээси Орусиядан табылып, суракка алынган. Милициянын маалыматына ылайык, Темиров менен ал кишинин тааныштыгы жок, бул ишке ортомчулар аралашкан болушу мүмкүн.

Майлыбеков Болот Темировго паспортту мыйзамсыз даярдап берүүгө аралашкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу иши юридикалык баа берүү үчүн өзүнчө өндүрүшкө алынганын да билдирди. Анын айтымында, бул иш боюнча иликтөө уланууда, аны УКМК менен прокуратура карап жатат.

«Үч адам шектелип жатат, бирок иликтөөнүн аягында шектүүлөрдүн саны жана курамы өзгөрүшү мүмкүн. Бирок бул башка укук коргоо органдардын компетенциясына кирет», — деп кошумчалады ал.

Темировго козголгон кылмыш иштери

20-апрелде Темировго «Документтерди жасалмалоого» жана «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен дагы үч жаңы кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Милициядан Темиров аскердик билеттин жардамы менен Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алышы мүмкүн деп билдиришкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маалыматына ылайык, Темиров кыргыз паспортун алып жатканда Орусиянын жараны болчу. Ошондой эле, Темиров 50дөн ашык жолу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып жатат.

Буга чейин иликтөөчү-журналистке «Баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин ал «Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренесине алмаштырылган.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Болот Темировдун командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу бир нече жолу иликтөө жарыялоого үлгүргөн. Иликтөөлөр негизинен Кыргызстандын түштүгүндөгү Ташиевге тиешеси бар мунай бизнеси тууралуу болчу.

Акыркы иликтөөсүндө Temirov LIVE редакциясынын журналисттери Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы ушул жылдын жаз мезгилинде Жалал-Абадда бензин жеткирип берүү боюнча тендерлерди утуп баштаганын аныкташкан.

Тема боюнча: Садыр Жапаров ЖМКга эч кандай басым жок деген ойдо. Чындыгында андай эмес

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?