Жалал-Абадда жол кырсыгынан беш өспүрүм каза тапты, бирөө ооруканада

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, беш өспүрүм каза тапты. Бирөө ооруканада жатат.

Облустук ЖКККБдан «Клоопко» билдиришкендей, кырсык 25-август түнкү саат 3төр чамасында катталган. «Субару» унаасын 2006-жылкы жашы жете элек өспүрүм башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай калган.

Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган эки өспүрүм жеринде мерт кеткен. Ал эми алар курактуу дагы бир өспүрүм 25-август түштөн кийин ооруканада каза болгон.

2007-жылы туулган башка өспүрүм 29-августта көз жумса, 2006-жылкы бала 30-августтун түнүндө каза болгон.

Ал эми унааны айдаган өспүрүм азырда ооруканада жатат.

Милициядан учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын-чоо жайы иликтенип жатканын белгилешти.

Кыргызстанда жыл сайын жол-транспорт кырсыктары көбөйүүдө. 2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Анда жол-транспорт кырсыктарынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

Ал эми акыркы төрт жылда өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4006 адам каза тапкан. 49 639 киши түрдүү жаракаттарды алган.