ИИМ: Төрт жылда жол-транспорт кырсыгынан 4 миңден ашык адам көз жумду

Кыргызстанда 2017-жылдан 2021-жылга чейин жол-транспорт кырсыктарынан 4006 киши каза тапкан. Бул тууралуу 12-июлда өкмөттүн жыйынында ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, төрт жылдын ичинде 32 миң жол-транспорт кырсыгы катталып, жалпы 49 639 адам түрдүү жаракаттарды алган.

«Айдоочулардын күнөөсү менен 28 142 жол кырсыгы катталып, бул жалпы көрсөткүчтүн 86,9% түзөт. Кырсыктан каза болгондордун дээрлик 70% эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар. Айрыкча балдар арасында жаракат алагандардын саны жогору. Балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду (23,1%) түзөт. Жөө жүргүнчүлөр жана жүргүнчүлөр - жабыркагандардын да, каза болгондордун да көп бөлүгүн түзөт», — деди министр.

Анын айтымында, ИИМ кырдаалды өзгөртүү үчүн ылдамдык боюнча чектен ашкандыгы, ашып өтүү, же каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүү эрежелерин бузгандыгы, ошондой эле жол кырсыгына себепкер болгон айрым эрежелерди бузгандыгы үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин дифференциялоо жана күчөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Минкабдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, өкмөт ИИМдин сунушун кабыл алган. Ал жактан жыйындын жүрүшүндө жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана «айдоочулук тартипти чыңдоо» максатында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү чечими кабыл алынганын билдиришти.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров аталган чечим жол кырсыктарынын санын кескин кыскартууга таасирин тийгизиши керектигин белгиледи.

Жол-транспорт кырсыктары

Кыргызстанда жыл сайын жол-транспорт кырсыктары көбөйүүдө. 2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Анда жол-транспорт кырсыктарынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

CABAR.asia аналитикалык порталынын журналисттери акыркы 10 жылда аварияларда 10 миңден ашык киши каза тапканын эсептеп чыгышкан.

«Жол кырсыктарынын 95%ы адамдык фактор себеп, башкача айтканда, айдоочулар эреже бузушат же жол кыймылынын эрежелерин билишпейт. Андан тышкары, алардын көпчүлүгү жолдо жүрүү маданиятын сакташпайт», — деген ЖКККББнын жетекчиси Азамат Исраилов 2021-жылдын сентрябрында.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февралында ИИМге жол-транспорт кырсыктарынын санын 50%га азайтуу тапшырмасын берген.

Башкы бетке архивдик сүрөт коюлду.