Президент ИИМге жолдордо унаа кырсыктарынын санын эки эсе азайтууну тапшырды

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ИИМдин коллегиясында президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын санын 50%га кыскартуу тапшырмасын бергенин айтты. Акылбек Жапаров ИИМди президенттин тапшырмасын аткарууга чакырды.

Буга чейин президент ИИМге автоунааларды жана анын чиркегичтерин, атайын технологиялык ууналарды жана айдоочуларды каттоо, аны ичинде унааны айдоо үчүн сынактарды өткөрүү жана кабыл алуу функцияларын өткөрүп берген.

Айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү боюнча функцияларды дагы ИИМге өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, ИИМ автомектептердин ишин лицензиялоо функциясын алат. Жарлыкта жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү максатында жеңил унаалар үчүн жүргүнчүлөрдү ташуунун лицензиясы киргизилери белгиленет. Бул үчүн да ИИМ жооптуу болот.

2021-жылдын 11 айында Кыргызстанда жол кырсыгынан 780 адам каза таап, 10 миңден ашууну жабыркаган. Өлкө боюнча 6 820 жол кырсыгы катталган, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,9%га көп.