УКМК укук коргоочу Камиль Рузиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салды

Камиль Рузиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети укук коргоочу Камиль Рузиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу ал өзү «Клоопко» билдирди.

Маалыматка ылайык, Рузиевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова бул чектөөнү алып салуу өтүнүчү менен УКМКга кат жөнөттү.

Укук коргоочунун адвокаты үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Каракол шаардык соту Рузиевдин ишинде кылмыштын курамы жок болгондуктан актаганын жазган.

Жактоочунун кайрылуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Рузиевге мыйзамсыз чектөө киргизгени айтылат.

«Биз жана Каракол шаардык соту Рузиевдин сыртка чыгуусуна тыюу салынганы тууралуу билген эмеспиз. Себеби иштин материалында керектүү документтер жок болчу», — деп жазган Жакупбекова.

Ал эми Камиль Рузиев Грузияга дарыланууга чакырылганын билдирди. Бирок ага Кыргызстандан чыгууга тыюуу салынгандыктан ал жакка бара албастыгын айтты. Ал УКМК мындай чектөө менен анын ден соолугуна болгон укугун бузуп жатат деп эсептейт.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык соту 12-августта Рузиевди актаган. Ал медициналык маалымкатты жасалмалаган деп айыпталып жаткан болчу. Рузиев сот аны кылмыштын курамы жоктугунан актаганын айткан.

Тергөө укук коргоочу өзү иштеп жаткан иштердин бири боюнча Каракол шаардык сотунун чечимин даттануу мөөнөтүн узартыш үчүн документтерди жасалмалаган деген версиясын билдирип келген.

Бирок облустук прокурордун орун басары облустук сотко Рузевди актаган Каракол шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген.

Рузиевдин иши

Камиль Рузиев — «Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси. 2015-жылы аны милиция кызматкерлери кыйнап, мындан ары Каракол ТИЗОсунун ишин текшербеси жана жабыркагандардын укугун коргобосу тууралуу тилкат жазып берүүсүн талап кылышкан. Укук коргоочуну кыйноого алуу боюнча иш кыскартылган.

Тергөөчү Нурбек Токушев укук коргоочунун өмүрүнө бир нече жолу коркунуч келтирген. Токушев Рузиевди курал менен коркутуп, башына табелдик тапанча такагандан кийин кызматынан алынган.

Токушев чет элдикти кыйнап, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылганы үчүн дагы айыпталган — бул иш боюнча дагы жабырлануучунун кызыкчылыгын Рузиев коргогон.

Укук коргоочу УКМК жана прокуратурага арыз менен кайрылып, тергөөчүнүн коркутуулары менен кыйноолорун иликтөөнү талап кылган. Бирок укук коргоо органдары чара көрбөй койгон. Анда Рузиев УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн алардын аракетсиздигине даттанып доо арыз жазган.

Андан кийин эле Рузиев, 2020-жылдын 29-майында Каракол шаарында соттон чыгып келе жатканда кармалган. Аталган сотто Рузиевдин УКМКнын жана прокурорго карата доосу каралган болчу. Укук коргоочуну кармоонун үстүндө иштегендер Рузиев доо арыз жазган УКМКнын кызматкерлери менен түздөн-түз байланышта.

Ал эки суткага убактылуу кармоочу изоляторго киргизилген, ал эми УКМКдан ЖМКга укук коргоочу «Алдамчылыкка» жана дарыланганы тууралуу медициналык маалымкаттарды жасалмалоого шектелип жатканы айтылган пресс-релиз келген.

Укук коргоочу өзү деле дарыланганын жашырган эмес, мурдараак ага кол салуу болуп, ден-соолугу солгундай түшкөнүн айткан. Ал дарыланганы тууралуу маалыматтар амбулатордук картада бар экенин, ооруканада жатканы тууралуу маалыматкаттарды жасалмалабаганын билдирген.

Рузиевдин иши боюнча сот иши 2020-жылы 18-сентябрда башталган. Соттун башталышына жакын иштин материалынан «Алдамчылык» беренеси алып салынган.

2020-жылдын июнь айынын башында, укук коргоочу үй камагына чыгарылган соттон кийин УКМК мурда Рузиев кызыкчылыктарын коргогон үч кыргызстандыктын видеосун тараткан. Алар видеодо укук коргоочуну алдамчылыкка айыпташкан.

Видео чыгып кеткенден кийин андагы каармандардын бири укук коргоочуга карата эч кандай дооматы жоктугун айткан. Ал эми 2020-жылдын 28-июлунда Рузиевдин иши боюнча күбө катары өтүп жаткан адам Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы башчысы Балбак Түлөбаевге арызданып кайрылган.

Ал УКМКнын кызматкерлери андан Рузиевге каршы «алдап» көрсөтмө алышканын билдирип, укук коргоочуга каршы кылмыш ишин токтотууну суранган.