Садыр Жапаровдун кортежинин жаңы жол тандабастары Чуңкурчак жайлоосунда. Сүрөт: Тыныстан Асыпбеков.

Эмне болгон?

Социалдык тармактын колдонуучулары президент Садыр Жапаровдун кортежи бир катар жаңы автоунаалар менен толукталганын байкашты. Мисалы президент ал унаалар менен Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен Байтик баатырдын 200 жылдыгын майрамдоого Чуңкурчак жайлоосуна барган.

Иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков фейсбуктагы барагына ал автоунаалар канадалык Inkas Armored фирмасынын 2021-жылкы Chevrolet Suburban зооттолгон жол тандабастары экен деп болжоду.

Фирманын сайтында ал Калашников автоматынын 7,62 мм огу менен аткылоого, ошондой эле эки гранатанын жарылуусуна туруштук бере алары белгиленген. Мындан тышкары, жол тандабас баллистикалык айнек, бекемделген асма, ошондой эле бышык эшик илгичтери менен жабдылган.

Inkas Armored’дин сайтында бул жол тандабастын баасы көрсөтүлгөн эмес. Бирок Muscle Cars & Trucks автомобилдик сайты 2021-жылкы Suburban кеминде 77 миң доллар турат деп белгилеген.

Өнөктөштөр белекке берген

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев эки жол тандабасты мамлекет башчысынын Күзөт кызматына коштоп жүрүүчү үчүн чет элдик өнөктөштөр алып берген деп билдирди. Бул тууралуу ал Асыпбековдун Suburban жол тандабастары тууралуу чыгарган постунун алдына жазган.

Ошол эле кезде Султанбаев унааларды белекке берген чет элдик өнөктөштөрдү так атаган жок.

«Мамлекеттик казынадан эч бир каражат кеткен жок», — деп белгиледи ал.

Тыныстан Асыпбековдун постунан скриншот.

Белгисиз демөөрчүлөр

Бийлик өкүлдөрүнө унаа белек кылган бул биринчи эле белгисиз демөөрчү эмес. 24-августта милициянын Кайгуул кызматы белгисиз демөөрчүдөн «Тойота Приус» үлгүсүндөгү беш кызматтык унааны белекке алган. Аталган кызмат унааларды алып берген демөөрчүлөр өздөрүн ачыктабоону туура көрүшкөнүн белгилешкен.

Буга чейин белгисиз демөөрчүлөр Ички иштер министрлигинин имаратын да оңдоп беришкен. Анда министрликтен жумуштар айрым демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп жатканын билдирип жана алардын ысымдарын айтуудан баш тартышкан.

Белгисиз демөөрчүлөр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин көптөгөн имаратын да салып жатышат. 2021-жылдын июлунда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда атайын кызматтын кызматкерлерине делген турак-жай да демөөрчүлөрдүн эсебинен салынып жатканын айткан. Көп кабаттуу үй жети блоктон туруп, 205 батирлүү болот.