Орусия: Челябинск облусунда кыргызстандык үй-бүлө кырсыкка учурап, алты киши ооруканада

7-сентябрда Орусиянын Челябинск облусунда кыргызстандык үй-бүлө бараткан унаа кырсыкка учурап, 6 киши ооруканага түштү. 12 жашар кыздын абалы оор деп бааланууда. Маалыматты «Азаттык» басылмасына Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кыргыз жараны Златоуст шаарына жакын жердеги жолдо каршы тилкеге чыгып, «Волво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Кырсыктан жабыркаган алты киши — ата-эне жана төрт баласы тез жардам кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилген. 12 жашар кызга операция жасалып, абалы оор деп бааланууда. Калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандыраарлык экени айтылды.

Кыргызстандын Башкы консулдугу оорукананын өкүлдөрү, полиция кызматкерлери жана жабыркаган кыргызстандыктар менен байланышта экенин белгилешти.

14 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы

Буга чейин, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Авариянын кесепетинен жалпы 16 адам каза болуп, үч киши ооруканага жаткырылган. Бейтапканадагылар да кыргыз жараны экени айтылган.

Полициянын маалыматына ылайык, оор жүк ташуучу унаанын биринин айдоочусу машинаны керектүү убакта токтотпой, оңдолуп жаткан жолдун реверсивдик тилкесинде кезегин күтүп турган кичи автобусту барып сүзгөн. Натыйжада кичи автобус эки оор жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калган.

Маркумдардын сөөгү өлкөгө атайын учак менен алынып келинген. Ал эми кыргыз бийлиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берүүнү убадалаган.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата Орусияга жалпысынан 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.

Тема боюнча:

Орусиядагы авария: 14 адамдын сөөгү өлкөгө атайын борт менен алынып келинет