Жапаров Баткен, Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Басма сөз кызматынан президент кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон кагылышууда келтирилген жалпы зыянды баалоо жана аларга кенемте төлөп берүү боюнча комиссия түзүүнү тапшырганын билдиришти. Аталган комиссия чек арадагы жаңжалда курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, дене-боюна жаракат алгандардын тизмесин түзүшү керек.

Садыр Жапаров министрлер кабинетине төмөнкүлөрдү тапшырды:

  • курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолку материалдык жардам берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карап чыгууну;
  • жабыр тарткан жарандарга кийин жаңы турак үйлөрдү курууну камсыз кылуу менен убактылуу турак жай берип, ошондой эле өзүнүн турак жайын калыбына келтирүүгө тартылган адамдарга аткарган иштерине акы төлөөнү;
  • биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөрдү, кийим-кечелерди, дары каражаттарын, мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүүнү, суу жана энергия менен жабдууну камсыз кылууну;
  • талкаланган чек ара тозотторун жана пунктарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү;
  • зыяндын ордун толтуруу жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн каражаттарды табуу;
  • чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек арага жакын калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн субъекттер үчүн (күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуучулардан жана кен казуу ишинен тышкары) 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө салыктарды (КНСтен тышкары) төлөөдөн нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставканы белгилөөнү;
  • калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн юридикалык жактарды 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотууну тапшырды.

Жапаров ошондой эле министрлер кабинетине Баткен облусун каржылоону көбөйтүү маселесин кароону да тапшырды.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдар жабыркаган жарандарга төмөнкү жардамдарды акысыз көрсөтүшү керек:

  • социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды) дайындоо үчүн зарыл маалымкаттарды;
  • объекттерди долбоорлоо, калыбына келтирүү жана куруу маселелерин ыкчам чечүү үчүн маалыматтык материалдарды, схемаларды, карталарды, пландарды, инженердик-геологиялык маалыматтарды;
  • архитектуралык-пландаштыруу шарттары, техникалык көзөмөл, долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү.

Өлкө башчы Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоонун стационардык уюмдарында баштапкы жана кайталап дарыланууга жатканда жабыр тарткан жарандарды бир жылдын ичинде кошо төлөөдөн бошотуу жана консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Эмгек министрлиги жабыр тарткан жарандардын балдарын балдар лагерлерине жана пансионаттарга жиберүү жолу менен реабилитациялоону уюштурууга милдеттендирилди. Министрлик ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте объекттерди калыбына келтирүү жана куруу үчүн жумушсуз жарандарды ишке тартуу менен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурушу керек.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды айыптоодо.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги алдын ала маалыматтарга ылайык 59 киши курман болуп, 144 адам жабыркаганын кабарлады.

Кыргызстандын ӨКМден Баткен облусунун бир нече айылдарынан 130 миңден ашуун адам эвакуацияланганын, ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунан 5301 киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдиришкен. Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.

Садыр Жапаров 19-сентябрды Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арадагы абал турукташуусу мүмкүн болгон чыңалуу абалда экенин кабарлады.