ТИМ тажик министринин кагылышуулар боюнча айткандарын «чагым» деп сыпаттады

Тажик ТИМнин орун басары Содик Имоми 19-сентябрдагы брифингде.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын ТИМнин 19-сентябрда өткөргөн брифинги боюнча билдирүү таратты. Министрликтен тажик тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин айткандарын «чагымчыл» деп аташты.

«Мындай жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет мамлекеттин ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбостон айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына жооп бербейт. Чындыкка дал келбеген, бурмаланган жана жалган маалыматтардын жыйындысы болгон ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр ырастоону талап кылбаган бүтүм катары берилүүдө», — дешти Кыргыз ТИМнен.

Мындан сырткары ТИМден «кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканы Кыргызстандын эгемендүү аймагын куралдуу күч колдонуу менен басып алууга негиз болбошу керек» деп белгилешти.

«Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга болгон бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабастан, Тажикстан Республикасынын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргыз Республикасына каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда», — деп белгилешти министрликтен.

Тажик тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда брифинг өткөргөн. Анда ал чек арадагы куралдуу жаңжалга Кыргызстанды айыптаган. Ошондой эле чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирген — бирок анын канчасы жай тургун, канчоо аскер кызматкери экенин тактаган эмес.

Ал жабыркаган турак үйлөр боюнча да үстүртөн маалымат берип, алардын так санын жана кайсы айылдарда экенин ачыктаган эмес.

Мындан сырткары Имоми «Кыргызстанда тажик тажик жарандары сабалып, зомбулук көрүп жатат» деп айткан. Ошол эле учурда ал эч кандай далил келтире алган эмес.

Кийинчерээк кыргыз ИИМи Имоминин «тажик жарандары зомбулукка кабылып жатат» деп айткандарын четке какты.

Куралдуу жаңжал

Куралдуу жаңжалда үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон баткендиктер. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды күнөөлөөдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 19-сентябрга карата жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.