КР ИИМи тажик ТИМнин этникалык тажиктерге куугунтук болуп жатат деген билдирүүсүн четке какты

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содика Имоминин билдирүүсүн четке какты.

Кыргызстандын ИИМи коңшу мамлекеттин тышкы саясий ведомствосунун билдирүүсү «чындыкка дал келбейт жана эч кандай фактылар менен тастыкталбаган» деп жооп берди.

«Башка мамлекеттин улутуна же жарандыгына карап эч кандай мыйзамсыз аракеттер же басмырлоо акыркы убакта реалдуу түрдө болгон эмес жана мындай фактылар катталган эмес. Биздин республикада 80 ашык ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашайт. Алар үчүн Кыргызстан мекени болуп эсептелет», — деп билдиришти ИИМден.

Алсак, 19-сентябрда Имоми 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууга байланыштуу брифингде Кыргызстанда тажик улутундагы жарандар куугунтукталып жатат деп билдирген.

«Бишкекте жана Кыргызстандын башка ири шаарларында тажик улутундагы жарандыгы жок жарандар аныкталып, аларга карата мыйзамсыз зордук-зомбулук аракеттер колдонулуп жатат: аларды сабап, белгисиз багытта алып кетип жатышат. Кошунасынан душмандын образын түзүүнүн агрессивдүү кампаниясы ушундай нерселерге алып келет», — деген Имоми брифингде.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ИИМи республиканын аймагында жашап жаткан жарандардын укугу жана эркиндиги Конституция жана өлкө мыйзамдары менен корголорун, ага ылайык, эч ким социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динге карата мамилесине же башка жагдайларга карата басмырлоого дуушар болушу мүмкүн эмес деп кошумчалашты.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган куралдуу жаңжал 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Чек ара кызматы 18-сентябрь кечке жуук чек арада абал турукташайын деп калганын билдирген. Ал эми 20-сентябрь ведомство чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин айткан.Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда бери дегенде 59 кыргызстандык каза таап, 185тен ашык адам жабыркаган.

Тажикстан ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, куралдуу кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашыгы жарадар болгон.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атап жатат. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.