Чек арадагы жаңжал. Акыйкатчы аппараты адам укуктары бузулган фактыларды чогулта баштады

Акыйкатчы институту «Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салганына байланыштуу адам укуктары бузулган бардык учурларды» каттоону баштады. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Аппараттан аргасыз жер которууга дуушар болгон тынч жашоочулардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү менен ок атуудан жабыркагандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушуна парламенттик көзөмөл үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов аппараттын үч кызматкери менен 19-сентябрда эвакуация болгон тургундардын жашоо шартына мониторин жүргүзүү жана берүү үчүн Ош облусуна жөнөп кеткен. Андан ары алар Баткен облусуна барып, жабыркаган элге жолугуп, жеринен ишти улантат.

«Баардык аргасыз жер которууга дуушар болгон тынч жашоочуларга, бейөкмөттүк эмес уюмдарга, ыктыярчыларга жана журналисттерге адам укуктарынын бузулушу тууралу ар бир көрүнүш боюнча кайрылуусун суранабыз», — деп билдиришти аппараттан.

Кайрылууну каалагандар күнү-түнү «115 шыр байланыш» кызматына чалса болот (чалуу-акысыз) же 0555-00-16-09 whatsapp номери аркылуу байланышууга мүмкүн.

Куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда кыйла курчуп кеткен. 18-сентябрь кечке жуук Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада абал турукташуусу мүмкүн экенин кабарлаган. 20-сентябрь күнү эртең менен Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.