Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко жеке бизнес-джет менен барды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Flightradar сервисине таянып жазды.

Акыркы суткада Бишкектен АКШга бир гана чартердик каттам болгон жана учууну D-AFAM борттук номурундагы Bombardier Global Express XRS бизнес-джети ишке ашырган.

19-сентябрь Бишкек сааты боюнча 13:50дө бизнес-джет «Манас» аэропортунан Нюрнбергге (Германия) учкан, ал жерде биз аз тыныгуу жасагандан кийин АКШнын Нью-Джерсидеги Тетерборо аэропортуна багыт алган. Нью-Джерси штаты Нью-Йорк штатына жанаша жайгашкан.

Жапаровдун учагы АКШга жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:55те конгон. Ошондо Жапаров Нью-Йоркко чейин 15 саатка жакын учкан.

Flightradar’дын маалыматына ылайык, Global Express XRS учагы Нюрнбергге 20-сентябрда жергиликтүү убакыт менен 22:00дө кайтып келе турган болгон.

Flightradar кызматынын 15-сентябрдан баштап борт номери D-AFAM Global Express XRS’тин учууларынын скриншоту

Аталган бизнес-джет Германияда катталган жана FAI Aviation Group компаниясы тарабынан ижарага берилет.

Компаниянын сайтында, бизнес-джет VIP-учуулар үчүн бардык артыкчылыкты өзүнө камтый турганы айтылат. Учак өзү 15 жүргүнчүгө чейин ылайыкталып, спутник телефондору, жогорку ылдамдыктагы интернет, принтер, кинотека жана сырткы камералар менен жабдылган. Ошондой эле конференциялык стол, жеке жумушчу орду, ашкана, бар жана 2 жуунучу бөлмөсү бар.

Бизнес-класстагы учактарды ижарага берүү менен алектенген Jetvip авиаброкер сайтынын маалыматына ылайык, Global Express XRS учагынын бир сааттык учуусу 6 300 еврону түзөт. Ошондо Жапаровдун бизнес-джет менен Нью-Йоркко болгон 15 сааттык сапары 100 еврого чукул болот. Бул бир тараптуу каттамдын суммасы. Жапаров ошол эле учак менен Кыргызстанга кайтып келсе, анын учуу баасы дээрлик 200 миң еврого чейин көтөрүлөт.

Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында Жапаров Нью-Йоркко бизнес-джет менен учканын тастыктады.

«Учак бул — ашкере байлыктын белгиси эмес, ары-бери жүрүү үчүн, тез арада планетанын башка тарабына барып келүү үчүн, [өлкө] бир буту менен согушта турганда, жети миллион адам үчүн жоопкерчилик жүктөлүп турган учурда ары-бери кыймылдоо үчүн транспорт каражаты. Жакында #freekg’нин ондогон мамлекеттик учактары жана вертолеттору пайда болот!» — деп жазды минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, куралдуу кагылышуудан кийин президент кымбат бизнес учагын ижарага алды деген сынга жооп катары.

24.kg басылмасына берген интервьюсунда Эдил Байсалов самолетту ижарага алуу үчүн каражат бюджеттен бөлүнгөнүн билдирди.

«Биз “жакырчылык синдрому” менен биротоло коштошуп, күчтүү жана өнүккөн мамлекет куруп жатабыз», — деп кошумчалады ал. Материал чыгарылып жаткан учурда президенттик администрация комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болгон. Сапарды каржылоо булагы — белгисиз.

Садыр Жапаров учактын тепкичинде. Сүрөт: президенттин сайты.

Бул президенттин эл аралык иш сапарларга деп жеке учакты ижарага алган биринчи учур эмес. 2021-жылдын 31-октябрында Садыр Жапаров делегациясы менен БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн Embraer Lineage 1000 жеке учагы менен барган. Бул аба транспорттун ижарасы ошол учурда 12 миң еврону түзгөн.

Анда Президенттик администрациядан мындай чечим британ бийлигинин Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин кабыл алынган деп билдирген. Себеби учак Европа биримдигинин жана Улуу Британиянын «техникалык нормаларанына жооп бербейт» — эл аралык талаптарга шайкеш келбейт.Анда Байсалов Жапаровдун иш сапары британ тараптын баш тартуусунан улам жокко чыгышы мүмкүн делген кооптуулук жаралганын билдирген эле.

«Бир нече күн калганда делегация үчүн борт жалдоого туура келди. Бул мамлекеттик зарылчылык! Баймана самагандык эмес, обу жоктук дагы эмес! […] [Бул] ырахат алуу эмес, мамлекеттик милдетти аткаруу жана тышкы саясатта максаттарды ишке ашыруунун бир кадамы», — деп белгилеген Байсалов.

Президент Садыр Жапаров Самаркандга ШКУ саммитине ТУ-154 учагы менен келип конду. Сүрөт: президенттин сайты.

Кыргызстандын президентинин өзүнүн ТУ-154 учагы бар. Ал СССР маалында эң коопсуз учак деп саналчу.Авиалайнер Кыргызстанга 2006-жылы берилген. Орусиялык ЖМКлардын маалыматында, ошол жылы Владимир Путин бул учакты ошол кездеги мамлекет башчы Курманбек Бакиевге белек кылган.

Кыргызстанда президенттик учак 16 жылдан бери колдонуп келе жатат, анын жалпы колдонуу мөөнөтү дээрлик 30 жылга жетти. Бийлик айрым өлкөлөр коопсуздуктан улам, бул учакты аэропортуна кабыл албай жатканын айтып келишет.

Ошол эле учурда Роза Отунбаева өлкөнүн президенти болуп турганда 2010-жылдын сентябрында Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн жөнөкөй эле каттамдагы учак менен барган тажрыйба бар. Ошондо иш сапардан 250 миң доллар үнөмдөлгөн.

Жапаровдун Нью-Йоркко барышы

Садыр Жапаров Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясына 14-17-сентябрь аралыгында Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжалдан кийин учту.

Кыргыз бийлиги окуяны Тажикстандын Кыргызстанга карата алдын ала даярдалган куралдуу агрессиясы деп атады. Мындан тышкары, кыргыз тарап Тажикстанды өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузууга айыптап жатат. Тажикстан тарап өз кезегинде болуп өткөн окуяны агрессиялык кол салуу деп атап, Кыргызстанды жаңжалды эскалациялоого айыптоодо.

Кыргыз-тажик чек-арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен эң аз дегенде 59 кыргызстандык каза тапты. 20-сентябрдагы маалымат боюнча, жаңжал учурунда 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажикстан ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, куралдуу кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашыгы жарадар болгон.

Куралдуу жаңжал учурунда Баткен жана Ош облустарында жалпы 135 миң тургун үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон.

Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстанга келтирилген чыгым болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

Кыргызстандагы жабырлануучуларга жана эвакуациялангандарга жардам берүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан кайрымдуу жарандар гуманитардык жардам чогулта башташты — бирөөлөр тамак-аш, бирөөлөр кийим-кече, жууркан, калгандары а түгүл чек арачыларга жабдууларды сатып берип жатышат. Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, 20-сентябрга карата Баткенге 824 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилген.