Байсалов президенттин жеке учак жалдаганын «мамлекеттик зарылчылык» деп атады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент жана анын администрациясы Глазго шаарындагы климаттык өзгөрүүлөргө арналган саммитке жеке учак жалдап учканын «мамлекеттик зарылчылык» деп түшүндүрдү. Бул тууралуу ал Twitter’ге жазды.

Эдил Байсалов Глазгодо. Сүрөт: Байсаловдун Twitter барагы 

Анын айтымында, башында президент Глазго шаарына жүргүнчү ташуучу каттам менен барууну пландаган.

«Тилекке каршы, Эдинбургдан учуучу каттам 4-ноябрь кечинде гана бар экен. Каалаган адам оңой эле текшерсе болот. Жайы менен иштедик! Ошондуктан Глазгого Лондон аркылуу поезд менен баруу идеясынан баш тартууга аргасыз болдук. Президент Бишкекте өтүүчү ЕБ-БА саммиттине жетишип келип, сыйлуу конокторду тосуп алышы керек», —деп жазды ал

Ал британ бийлиги ТУ-154 маркасындагы кыргыз тараптын №1 бортун «коопсуздук маселесинен улам» кабыл алуудан баш тарткандыктан, Жапаровдун сапары үзгүлтүккө учуроо коркунучу пайда болгонун билдирди.

«Бир нече күн калганда делегация үчүн борт жалдоого туура келди. Бул мамлекеттик зарылчылык! Баймана самагандык эмес, обу жоктук дагы эмес! […] [Бул] ырахат алуу эмес, мамлекеттик милдетти аткаруу жана тышкы саясатта максаттарды ишке ашыруунун бир кадамы», — деп белгиледи Байсалов.

Ал жаңы минкаб «бул тармакта чыгымдарды эки эсе көбөйтүүгө» ниеттенип жатканын билдирди.

«Биз алдыбызга дымактуу максаттарды койгонбуз. Биз аларды ишке ашырабыз!», — деп белгиледи Байсалов.

Жеке учак менен Глазгого сапар

Президент Садыр Жапаров 31-октябрда Шотландиянын Глазго шаарына жеке самолёт жалдап учканын президенттин басма сөз кызматы 1-ноябрда тастыктаган. Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө арналган 26-конференциясына катышып жатат.

Кыргыз делегациясынын курамына Эдил Байсалов өзү, ТИМ башчысы Руслан Казакбаев жана президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев кирген.

Садыр Жапаров Глазгого конуп, траптан түшүп келе жатат. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы. 

Президенттик администрациядан кабарлашкандай, мындай чечим британ бийлигинин Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин кабыл алынган. Себеби учак Европа биримдигинин жана Улуу Британиянын «техникалык нормаларанына жооп бербейт» — эл аралык талаптарга шайкеш келбейт.

Тема боюнча: Президент Глазгого жалдаган жеке учактын ижара акысы болжол менен 19 млн сом

Бирок президенттин маалымат кызматы учактын моделин жана ижара баасын ачыктаган жок.

24.kg басылмасы flightradar сервисине таянып, Жапаров «Манас» аэропортунан бизнес класстагы Embraer Lineage 1000 реактивдүү учагы менен учуп кеткенин жазды. Ал Глазгодон 51 км аралыктагы Шотландиянын Престуик шаарына барды.

Бизнес-класстагы Embraer Lineage 1000 реактивдүү самолётунун салону. Сүрөт: Jetvip сайты

Jetvip авиаброкеринин маалыматы боюнча, мындай учактын бир сааттык ижара акысы 12 миң еврону (1,1 млн сомдон ашык) түзөт. Престуик шаарына Жапаровдун самолёту 8 саатка жакын убакытта (7 саат 51 мүнөт) жеткен.

Бул 9,48 млн сомду түзөт. Президенттин жана анын делегациясынын барып келиши болжол менен 19 млн сомду түзөт.

Президенттик администрация 24.kg маалымат агенттигине жеке учактын ижара акысы тууралуу айтып жатып, мындай самолёт менен учуу арзан түшөөрүн айтып, бирок казынадан канча каражат сарпталарын тактаган эмес.