Ош: Журналист тажик ТИМи анын атын пайдаланып жалган маалымат таратканын айтып чыкты

Даврон Насибханов

Оштогу журналист Даврон Насибханов Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги анын атын пайдалануу менен жалган маалымат таратканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук барагында жазды.

Анын айтымында, Тажик ТИМи өз сайтында «Кыргызстанда этникалык тажиктерге басым болуп жатат» делген материалды жайгаштырган. Анда Насибхановдун сабалганы тууралуу окуя колдонулган — бирок алар Насибхановду «этникалык тажик аял» катары көрсөтүшкөн.

Аты-жөнүн да аялдардыкындай кылып өзгөртүшкөн. Ошондой эле аны «Азаттык» үналгысында иштейт деп жазышкан.

«18-сентябрда Ош облусунда улуту үчүн “Азаттык” үналгысынын кабарчысы, этникалык тажик аял Насибахон Давронбекова белгисиз кишилер тарабынан сабалган», — деп жазылган билдирүүдө.

Кийинчерээк ТИМдин расмий сайтынан Насибханов тууралуу билдирүү өчүрүлгөн, бирок скриншоттор жана министрликке таянып жазган тажик басылмаларынын макалалары сакталып калган.

Насибханов тажик улутунун өкүлү эмес, ошондой эле ал «Америка үнү» басылмасында жана «Клооптун» өзбек тилдүү кызматында иштейт.

«Менин жынысым эркек жана "Азаттыктын" кыргыз кызматына тиешем жок. Мен Кыргызстандын жаранымын, улутум өзбек. А чынында окуя 17-сентябрда Оштогу борбордук аянтта болгон. Ал өзүнчө бир тема», — деди журналист өзү.

Ошондой эле ал аны Тажикстан менен эч нерсе байланыштырбасын жана аталган өлкөнүн ТИМи аны «этникалык тажик» деп көрсөтүп саясий максатта колдонбошу керектигин айтты.

Ал эми «Азаттык» үналгысынан да алардын Насибахон Давронбекова аттуу кызматкери жок экенин билдиришти. Алар Тажик ТИМи тараткан маалыматты төгүндөп, эч кандай кызматкери сабалбаганын айтышты.

Насибхановдун сабалышы

Даврон Насибхановду 17-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында белгисиз адамдар сабап кеткен. Анда журналист Баткен элин колдоо үчүн гумжардам чогултулуп жатканы тууралуу өзбек тилинде репортаж даярдап жаткан.

Анда аянттагы айрым адамдар аны тажик тилинде сүйлөдү деп айыптап, эч себепсиз сабап салышкан. Журналист ага милиция да жардам көрсөтпөгөнүн белгилеген.

Ал окуя болгон күнү Баткендеги абалга байланыштуу милицияга арыз жазбаганын айтып, кийинчерээк арыз жазууга ниеттенип жатканын кошумчалаган. Ал эми Ош ШИИБден ал милицияга 10 күндүн ичинде кайрылса болоорун айтышкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга» жана «аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто белгисиз кишилер «Клооптун» котормочусун сабап кетти

Тажикстандын өкмөтү «Клооптун» Лейлекте тартылган сүрөтүн Согди облусу тууралуу маалымат таратууда колдонду