Ошто белгисиз кишилер «Клооптун» котормочусун сабап кетти

«Клооптун» котормочусу Даврон Насибханов.

17-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Америка үнү» үналгысынын кабарчысы, «Клооптун» өзбек кызматынын котормочусу Даврон Насибхановду бейтааныш кишилер сабап кетишти.

Насибхановдун айтымында, окуя кечки саат 17:00 чамасында болгон. Ал Оштун борбордук аянтына Баткен элин колдоо үчүн гумжардам чогултуу акциясын видеого тартканы барган.

«Мен ал жерде өзбек тилинде стендап жасадым. Адамдар жок жерде сүйлөдүм. Бирок артымда сатуучу аялдар бар экен. Ошол аялдар мен кетип жатканда балдарга “алдагы бала тажик экен, тажикче сүйлөдү” деп айткан экен. Эки бала келип уруп, сүйрөп топтошкон кишилердин алдына алып барды. Жабылып кол көтөрүштү, кимдер урганын деле эстеп кала алган жокмун. Болгону аларга журналист экенимди айтып, күбөлүгүмдү көрсөттүм. Аянтта ошол кезде 100дөн ашык адам бар эле», — деп айтып берди ал окуяны.

Аны менен катар, ошол учурда кесиптеши телефон чалып калып, Даврон окуя тууралуу кабар бергенин белгиледи. Бирок, Насибхановдун айтымында, кесиптешинин телефон чалуусуна милициядан «журналист эмес, Тажикстандын агентин кармадык» деген кабар түшкөнүн айтышкан.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери аны ооруканага алып барганын, бирок эч кандай экспертиза дайындабаганын кошумчалады.

«Эсимди жоготуп койдум, көзүмдү ачсам милиция кызматкери колуман тартып, тургузуп жаткан экен [...] Көзүмдөн кан кетип, бардык жерим таптакыр эле кан болуп калыптыр. Алып барып көзүмдүн алдын тиктиришти», — деди ал.

Насибханов окуя болгон күнү Баткендеги абалга байланыштуу милицияга азыр жазбаганын белгилеп, учурда арыз жазууга ниеттенип жатканын айтты.

«“[Милиция кызматкерлери] абалды көрүп жатасың, башка учур болсо башкача болмок” деди. Кеч дагы болуп кетти, ооруп, чарчап турдум эле, “азыр чамам” жок деп жазып бердим. Бирок 10 күн ичинде кайрадан арыз жазсаң болот дегендей айтышты. Эми жазсамбы-жазбасамбы деп ойлонуп турам», — деп белгиледи Насибханов.

Ош шаардык милициясы эмне дейт?

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов «Клоопко» окуя милицияга каттоого алынганын белгиледи.

«Ал жаран эч кимге доо арызы жок экенин билдирип, тил катка жана тиешелүү кагазга кол коюп берген. Эгер жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткан болсо, иш өндүрүштөн кыскартылат», — деди ал.

Тавакалов эгерде журналист 10 кун аралыгында милицияга арыз менен кайрылса, тергөө иштери башталаарын кошумчалады.

Буга чейин, 15-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында 30га чукул адам «Азаттык» үналгысынын түштүк бюросу үчүн кеңсе ачууга каршы митинг өткөрүшкөн. Алар басылманын кеңсеси ачылса «улут аралык мамилеге коркунуч жаралат» деген пикирлерин билдиришкен.

Тема боюнча:

«Улут аралык мамилеге коркунуч жаралат». Ошто «Азаттыктын» кеңсе ачышына каршы митинг өттү