Президент Баткенде жабыркаган үйлөрдү суук түшкөнчө калыбына келтирүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров минкабдын жетекчилери, мүчөлөрү жана күч түзүмдөрдүн башчылары, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы кырдаал боюнча иш жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 22-сентябрда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин администрациясы, Жапаровго чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилгенин, андан кийин ал бир катар тапшырмаларды бергенин маалымдады.

Алсак, президент чек арага чектеш аймактардан эвакуацияланган тургундарга жардам көрсөтүүнү, суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырды.

Капчыгай айылындагы талкаланган үй. Жергиликтүү тургундун айтымында, бул айылда 70ке жакын турак жай талкаланган. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop.

ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 432 турак жай, 285 сарай жана чарба курулушу, 6 мектеп, 6 бала бакча, 9 административдик имарат, 26 авто унаа жана башка 171 жашоо тиричилигин камсыздоо объектиси жабыркаган.

«Эртеңден баштап аларды курулуш иштерине даярдап, курулуш калдыктарын тазалоо иш-чаралары көрүлүп баштайт», — деп билдирди 22-сентябрда брифингде ӨКМдин Жарандык коргоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Ырысбек Жолдошбаев.

Жолдошбаев жеринде жарылбай калган 78 снаряд табылып, сапёрлор зыянсыздандырганын дагы кошумчалады.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда курчуп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түзгөн. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны мерт кеткен.

Тажик ТИМнин расмий маалыматына караганда, кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык адам жабыркаган.

140 миңге жакын кыргызстандык эвакуацияланып, үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак-жай талкаланган.

18-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда болгон окуяларды Тажикстандын Кыргызстанга каршы алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы деп атаган. Мындан тышкары, кыргыз тарап Тажикстанды өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузду деп айыптаган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын акыркы жылдары жана акыркы күндөрдө жасаган мыйзамсыз жана кара ниет аракеттерине документалдуу далилдер бар экенин» билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.