Талкаланган үйлөр, өрттөлгөн унаалар: Капчыгай айылы чек арадагы куралуу кагылыштан кийин

14-сентябрда башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак-жай өрттөлүп, талкаланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин 20-сентябрга карата расмий маалыматы бюнча, жаңжалдын кесепетинен 59 кыргызстандык каза тапкан — аскер кызматкерлери жана жай тургундар. 193 адам жаракат алган.

«Клооптун» журналисттери чек арада жайгашкан Ак-Сай айылынын жанындагы Капчыгай айылына барып келишти. Жергиликтүү тургундун айтымында, Капчыгайда 70ке жакын турак-жай талкаланган.

Талкаланган электр мамысы. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop

Талкаланган үй. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop.

Жергиликтүү тургун жана талкаланган үйлөр. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop.

Талкаланган объект. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop.

Өрттөлгөн унаа. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop.

Толугу менен талкаланган объект. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов / Kloop.