Кыргыз экономикасы мигранттардын жапырт кайтып келүүсүн көтөрө алабы?

Орусияда мобилизациянын шартында мигранттардын Борбордук Азияга кайтып келүүсү аймакта саясий туруксууздуктун чыгышына түрткү кылышы мүмкүн деп эскертишет эксперттер. Себеби алардын баарына мекенинде жумуш табылбай калышы мүмкүн. Бирок кыргыз өкмөтүнүн вице-премьери Эдил Байсалов бир кездеги мигранттардын агымынан чочулабайт. Ал «Ала-Тоонун ыйык тоолору» үчүн гана согушка аттанса болорун айтып, ар бир кыргыз үчүн бир кесим нан табылат деп убада кылды.

Орусиядагы мобилизация азырынча мигранттарга жете элек: учурда аларды Украинага каршы согушка орус жарандыгын тез алууну ордуна ыктыярдуу түрдө гана катышууга чакырып жатышат. Анткен менен кырдаал күтүлбөстүк менен өзгөрүп жатат. Укук коргоочу Валентина Чупик мигранттарды «замбиректин огуна тосулган этке айлангандан» көрө тез арада мекенине чыгып кетүүгө чакырды.

Бирок мигранттардын жапырт түрдө мекенине кайтуусу Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн чоң сыноо болот: бул мамлекеттердин жарандары мекенинде айлык аз төлөнүп же жумуштун жоктугунан улам Орусияга иштөөгө кетишет. Кыргызстандын жана анын Борбор Азиядагы коңшуларынын экономикасы миллиондоп мекенине кайтуучу боордошторун «сиңирүүгө» даярбы?

Мигранттардын кайтып келиши канчалык масштабдуу болору азырынча белгисиз, себеби Орусияда азырынча эркектерге аскердик кызмат өтөөгө жалпы чакыруу жарыялана элек дейт Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги Фондунун илимий кызматкери, Борбор Азия боюнча эксперт Темур Умаров. Мындан тышкары, Умаров мигранттардын арасында орус паспортун алгандардын саны көп эмес деп эсептейт.

«Бардыгы кайтып келет деп так айтса болот»

«Орус жарандыгын алган мигранттардын арасында аскердик кызмат өтөгөн же резервде турган адамдар бар экенине көзүм жетпейт, — дейт Умаров. — Бул боюнча бизде так статистика жок. Бирок, андай адамдар болгон күндө деле [ Орусиянын ушул категориядагы жарандары эң алгачкылардан болуп мобилизацияланат — «Клооп»], миллиондоп эмес. Аларды [кайтып келген учурда дагы] Кыргызстан менен Тажикстандын экономикалары сиңирип кете алат».

Эксперттин айтымында, кош жарандуулук маселеси көбүнчө Тажикстандан баргандарга тиешелүү, алардын арасында эки паспорту барларлар абдан көп. Бирок алар чек арадан орус паспорту менен эмес, өздөрүнүн улуттук паспорту менен кесип өтө алышат. Мындайда орус бийлигинин аларды токтотууга укугу жок болот.

Бирок кандай болгон күндө деле Умаров миллиондоп кайтып келе турган мигранттар тууралуу сөз жоктугун айтат.

«Баары эле кайтып келбейт деп так айтса болот. Миллиондогон мигрант кайра Кыргызстанга кайтып барат, экономика аны көтөр алабы деп ойлонунун кереги жок, сан анчейин көп болбойт. Албетте, оор жагдайда калууну каалабай кайтып келгиси келгендер болору анык. Орусия мобилизация жатканынын өзү эле — адамдын тынчын алган коңгуроо. Орус жарандыгын бар адамдар эртеби-кечпи аскер курагындагы эркектер үчүн чек ара жабыларын түшүнүшөт, ошондуктан чыгып кеткенге аракет кылышат», — деп белгилейт ал.

Бирок, эксперттин белгилешинче, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жумушу жок жаштардын көбөйүшү саясий туруксуздуктун чыгышына түрткү кылышы мүмкүн.

«Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда жумуштун жоктугуна байланыштуу жагдай буга чейин эле көңүл жылытарлык эмес эле: бизде кризистин артынан кризис, жумуш орундары көбөйбөйт, — деп ой толгойт Умаров. — Жыл өткөн сайын бул көйгөйлүү маселеге айланат. Ал эми өлкөдө жумушу жок эркектердин көбөйүшү — адатта нааразылыктын, кылмыштуулуктун жана жалпысынан зомбулуктун күчөшүнө алып келет. Борбор азиялык режимдер ындай деңгээлдеги туруксуздукка туруштук бере алабы-жокпу, чоң суроо».

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов эмгек мигранттарынын мекенине жапырт кайтып келүү коркунучу ойдон чыгарылган деп эсептейт. Ал азырынча Орусиядагы кыргыз жарандарын аскерде кызмат өтөөгө жана Украинада согушууга эч ким мажбурлай электигин айтты «Клоопко».

«Бул жерде сөз, менин угушумча, орус жарандыгын алууга чейин жеткен кандайдыр бир жеңилдиктердин ордуна Коргоо министрлиги менен келишим түзүү жөнүндө сунуштары тууралуу болуп жатат. Башка жагынан Кыргызстандын бийлиги мекендештерине убадаларга ынанбагыла деп катуу айтып эскертип жатат, муну мен дагы туура деп эсептейм», — деп белгиледи ал.

«Ар бир адамга бир кесим нан табылат»

Жазында эле эмгек миграциясын кеңейтүүнү жактап жүргөн өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Эдил Байсалов эми мигранттардын кайтып келүүсүнөн коркпосун айта баштады. Ал мекен эч кимисин ачка калтырбайт деп эсептейт.

Кыргызстандыктардын бир гана мекени бар — «ыйык Ала-Тоо», андан башка кан-жан бере турган мекен болбошу керек, деди Байсалов «Клоопко» Орусиянын мигранттарды согушка жыйноого аракеттерине комментарий берип.

«Келгиле, [мигранттар мекенине кайтып келсе] өтө эле оор болот го дегенсиген мурдагы сөздөрдү токтотолучу. Биз андан корккон жокпуз. Биз мурдагы бийликтегилердей болуп алардын келишинен корккон жокпуз, бизде андай нерсе жок. Ар бир кыргызстандыкты өз жерибизде күтөбүз. Кандай гана жашабайлы, ар бирине бир үзүм нан табылат. Кайтып келишсин, баарыбыз ынтымакта жашайбыз. Биз мигранттарыбыздын кайтып келишин каалабайбыз деп коюлган суроолорду таптакыр четке кагабыз», — деди Байсалов.

Буга чейин, Байсалов президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко жеке учак жалдып кеткенине оюн билдирип, «биз жакырчылык синдромунан чечкиндүү түрдө коштоштук» деп билдирген.

Аторлошу: Айзирек Иманалиева