Султанбаев: Президент Нью-Йоркко акысыз учуп келди, ал учакты лизингге алуу каралууда

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчысы Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко жеке учак менен акысыз барып келгенин билдирди.

Буга чейин интернет колдонуучулары президент кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташпаган учурда жеке учак менен АКШга барганын сындашкан. Бул сапарга божомол менен 200 миң евро кеткени эсептелинген.

Султанбаев президент АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен «акысыз, тесттик режимде» барып келгенин айтты. Ал эгер учак кыргыз тарапка жакса, анда макулдашуулар боюнча учак лизингге сатып алынарын билдирди.

«Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы түгөндү», — деди ал.

Басма сөз катчысы азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин кошумчалады.

Чуу жараткан жеке учак

Президент Садыр Жапаров 14-17-сентябрь аралыгында Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжалда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко жеке бизнес-джет менен барганын бир катар ММКы жазган.

Акыркы суткада Бишкектен АКШга бир гана чартердик каттам болгон жана учууну D-AFAM борттук номурундагы Bombardier Global Express XRS бизнес-джети ишке ашырган. Аталган бизнес-джет Германияда катталган жана FAI Aviation Group компаниясы тарабынан ижарага берилет.

Компаниянын сайтында, бизнес-джет VIP-учуулар үчүн бардык артыкчылыкты өзүнө камтый турганы айтылат. Учак өзү 15 жүргүнчүгө чейин ылайыкталып, спутник телефондору, жогорку ылдамдыктагы интернет, принтер, кинотека жана сырткы камералар менен жабдылган. Ошондой эле конференциялык стол, жеке жумушчу орду, ашкана, бар жана 2 жуунучу бөлмөсү бар.

Бизнес-класстагы учактарды ижарага берүү менен алектенген Jetvip авиаброкер сайтынын маалыматына ылайык, Global Express XRS учагынын бир сааттык учуусу 6 300 еврону түзөт. Ошондо Жапаровдун бизнес-джет менен Нью-Йоркко болгон 15 сааттык сапары 100 еврого чукул болот. Бул бир тараптуу каттамдын суммасы. Жапаров ошол эле учак менен Кыргызстанга кайтып келсе, анын учуу баасы дээрлик 200 миң еврого чейин көтөрүлөт.

Кыргызстандын президентинин өзүнүн ТУ-154 учагы бар. Ал СССР маалында эң коопсуз учак деп саналчу. Авиалайнер Кыргызстанга 2006-жылы берилген. Орусиялык ЖМКлардын маалыматында, ошол жылы Владимир Путин бул учакты ошол кездеги мамлекет башчы Курманбек Бакиевге белек кылган.

Кыргызстанда президенттик учак 16 жылдан бери колдонуп келе жатат, анын жалпы колдонуу мөөнөтү дээрлик 30 жылга жетти. Бийлик айрым өлкөлөр коопсуздуктан улам, бул учакты аэропортуна кабыл албай жатканын айтып келишет.

Ошол эле учурда Роза Отунбаева өлкөнүн президенти болуп турганда 2010-жылдын сентябрында Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн жөнөкөй эле каттамдагы учак менен барган тажрыйба бар. Ошондо иш сапардан 250 миң доллар үнөмдөлгөн.

Тема боюнча:

Жапаров Нью-Йоркко жалдап кеткен бизнес-джеттин барып келиши дээрлик 200 миң еврону түзөт

Садыр Жапаров БУУда тажик агрессиясына карабастан Кыргызстан сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты