Мобилизациялоо: Укук коргоочу Чупик мигранттарды Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды

Мигранттардын укугун коргоочу Валентина Чупик бардык мигранттарды тез арада Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы барагына жазды.

Чупиктин айтымында, мигранттар Украинадагы согушка барса «замбиректин огуна тосулат» же армиянын муктаждыгы үчүн иштеп «кулга» айланат деген коркунуч бар.

«Орус тууганы бар же ойлонбой туруп орус жарандыгын алган мигранттар — тезинен качкыла. Калган мигранттарга да кетүүнү сунуштайм, анткени биринчиден “ыктыярдуу түрдө аскердик кызмат өтөөгө” мажбурлашат, экинчиден аркерге жарактуу эместерди армиянын муктаждыктары үчүн акысыз же төлөнгөн болсо да күн кечиргенге жетпеген акча төлөп иштетишет. Бул жерден качкыла! Эртең кеч болуп калышы мүмкүн!» — деп жазды ал.

Укук коргоочу мындай билдирүүнү 21-сентябрда Владимир Путин жарыялаган аскердик мобилизация жөнүндө кабардан кийин жасады.

Путиндин айтымында, аскердик кызматка запаста турган, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн орусиялыктар гана чакырылат. Путин аскердик кызматка чакырылгандар аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлөрдүн алдында сөзсүз түрдө кошумча даярдыктан өтөрүн кошумчалаган.«Азаттык» радиосунун маалыматына ылайык, бир сутка ичинде эле Орусиянын 38 шаарында мобилизацияга каршы нааразычлык акциялары өтүп, анда 1300 адам кармалган.

Ал арада Кыргызстандын Орусиядагы элчилигин басма сөз кызматы Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарга чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн бул үчүн кыргызстандыктар мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн деп баса белгиледи.

Элчилик мындай билдирүүнү Орусиянын Мамдумасы тарабынан чет өлкөлүктөр аскердик кызмат өтөөгө келишимдик негизде жазылса, жеңилдетилген шартта орус жарандыгын алса болот деген мыйзам кабыл алынгандан кийин таратты.

«Эгер Кыргызстандын жарандарына согуштук аракеттерге катышуу үчүн чакыруу алса/ кабыл алса тезинен дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрылууну өтүнөбүз», — деп айтышты элчиликтен.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 21-сентябрда Орусияда кыргызстандыктарды Украинадагы согушка чакырып жатышканын айтып чыккан.