Президент чек ара жаңжалы учурунда митингге чыккандарды «жарма патриоттор» деп атады

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин курду. Маекте президент кыргыз-тажик чек арасында кагылышуу болуп жатканда Ак үйдүн алдына митингге чыгып, Баткенге жөнөтүүнү талап кылгандарды «жарма патриоттор» деп атады.

Интервью учурунда журналист митингчилерге Баткенге баруу үчүн унаа берилсе, бири да барып отурбаптыр деп айтып, президенттин пикиринде алардын артында кимбер турат, алар кандай максатты көздөшөт деп сурады.

«Алар чыныгы мекенчилдер эмес. Учурдан пайдаланып өздөрүнүн арам максаттарына жетели дегендер. Эмне максаттары бар экенин баарын билебиз. Баарын тааныйбыз. Бирок тийбейбиз. Бизде демократия. Эркин сүйлөй беришсин. Бирок сөз эркиндиги деп эле жалган маалыматтарды тарата бербеши керек. “Баткенге биз баралы” деген “жалган баатырларыбызды” өзүңүздөр көрдүңүздөр го. “Баткенге барсаң, мына сага унаа, жөнө” деп унаа коюп бергенде бирөөсү да олтурган жок. Эгер чыныгы мекенчил болсо, баатыр болсо Ак үйдүн алдына кыйкырып келбей, түз эле Баткенге кете бермек», — деген оюн айтты Жапаров.

16-сентябрь, Ак үйдүн алдына чогулган митингчилер. Сүрөт: «Клооп».

Ошондой эле президент өзү айткан «жарма патриотторго» кайрылып, эгер армиянын күчү жетпей баратса аларды алып кетишерин билдирди.

«Азырынча армиянын, күч түзүмдөрүнүн күч-кубаты жетиштүү. Эгер армиябыздын күчү жетпей баратса, силерди митингге чыгарып убара кылбай эле жылуу төшөктө жаткан жериңерден сууруп чыгып кетебиз. Бул – мамлекеттин толук укугу. Ошондо чыныгы мекенчил экениңер көрүнөт. Бирок Кудай ага жеткирбесин деп тилейли», — деди ал.

Мындан тышкары, өлкө башчысы чек арага жакын жашагандарга кайрылып, агрессия башталган кезде эвакуацияга чыккыла деген буйрук айтылганда эч ким калбай чыгып кетиши керектигин кошумчалады.

«Чек арачылар жана аскер адамдары гана калыш керек. Былтыр бизге Башкы суу бөлүштүрүүчү жайга (Головной суу тосмосуна) кол салуу болгондо, Баткенден жөнөкөй жаштарыбыз барып, таш ыргыта башташкан. “Баары кайтсын, аскер адамдарыбызга тоскоол болуп жатасыңар” деп буйрук бергенимде укпай коюшкан. 17 киши бир эле жерден гранатамёттун жарылуусунан каза болуп калды. Жалаң жаш балдар», — деди президент.

«Жарма патриоттор» деп президент 16-сентябрда Ак-үйдүн алдына митингге чыккандарды атады. Ал учурда мамлекеттик чек аранын бардык тилкесинде тажик аскерлери менен катуу салгылаш болуп жаткан.

Анда митингчилер бийликтегилерден чек арадагы куралдуу жаңжалды токтотууну, кошумча аскер күчтөрүн киргизүүнү жана жергиликтүү калкты коопсуз жерге көчүрүүнү талап кылышкан.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда курчуп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түзгөн. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны мерт кеткен.

Тажик ТИМнин расмий маалыматына караганда, кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык адам жабыркаган.

140 миңге жакын кыргызстандык эвакуацияланып, үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак-жай талкаланган.

18-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда болгон окуяларды Тажикстандын Кыргызстанга каршы алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы деп атаган. Мындан тышкары, кыргыз тарап Тажикстанды өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузду деп айыптаган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын акыркы жылдары жана акыркы күндөрдө жасаган мыйзамсыз жана кара ниет аракеттерине документалдуу далилдер бар экенин» билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.