Ак үйдүн алдына кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууга байланыштуу митинг өттү

Кабар жаңыланып турат

Бишкекте кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Баткен облусундагы Тажикстан менен чек арадагы куралдуу жаңжалдан улам митингге чыкты. Нааразычылык акцияга 100гө жакын адам чогулду.

Митингге чыккандар чек ара жаңжалынын чечүүнү жана Жогорку Кеңештин депуттары менен жолугууну талап кылышты. Алар жергиликтүү тургундарды Бишкекке эвакуациялоо үчүн Баткен облусуна самолёт жөнөтүлүшү керек деп эсептешет.

Митингчилерден бир нече өкүл төрага Талант Мамытов менен жолугуу үчүн Жогорку Кеңештин имаратына кирип кетишти.

«Эгер алар [депутаттар] чыкпаса, митингчилерди бирден киргизип алдап коюшат», – деп эсептейт митингге чыккандардын айрымдары.

Kaktus.Media басылмасынын маалыматына ылайык, чогулгандардын алдына депутат Исхак Масалиев чыкты. Митингчилер андан чек арадагы ок атышууну токтотууну талап кылышты.

Ошондой эле, басылманын маалыматында ылайык, алгач акцияга чыгууга укук коргоочу Тимур Махмудов Фейсбуктагы барагы аркылуу чакырган.

«Биз кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны токтотушун каалайбыз. Эмне үчүн токтотпой жатышат? Алар ШКУда отурушат, ал эми эл кыйналып турат», – деп басылма укук коргоочунун айтканын жазды.

Кыргызстандыктар митингге Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам чыгышкан.

Тажикстан менен чек арадагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда куралдуу кагылышуу Баткен облусунун үч аймагында катталган.

15-сентябрь күнү УКМКнын Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болсо «абал тынч экенин, бирок чыңалуу бар экенин» белгилеген. Кыргыз бийлиги беш киши жарадар болгонун билдирген, ал эми тажик ЖМКлары эки тажик чек арачысы каза болуп, 11 адам жараат алганын жазышкан.

16-сентябрда чек ара чыры курчуп кеткен. Чек арачылардын маалыматына ылайык, тажик тарап таңкы саат 06:00дөн тартып Кыргызстандын аймагына ок ата баштаган.

Кыргыз бийлиги жарадар болгондордун саны 18 кишиге жеткенин маалымдады, ал эми тажик тарап каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Баткен жана Лейлек райондорунун тургундарын эвакуациялоо үчүн убактылуу баш калкалоочу пункттар уюшулганын билдиришти.