«Трибуна — оюнчук эмес». Жапаров БУУда сүйлөгөн сөзүн өзү жазганын билдирди

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн текстин өзү жазганын айтты. Бул тууралуу ал «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Өлкө башчы жыйында сүйлөгөн сөзүнүн текстин учакта бара жатып толуктаганын айтат.

«Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы адистер өлкөнүн ички иш-чараларында гана сүйлөй турган сөздөрдү алдын ала даярдашат. Жапаров «ошондо да көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам» дейт.

«БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын “Жети өлчөп, бир кеспесем” болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе», — деди президент.

Жапаровдун БУУда сүйлөгөнү

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышып сөз сүйлөгөн. Жапаров сөзүнүн көпчүлүгүн 14-17-сентябрда Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжалга арнаган.

Ал үстүбүздөгү жылдын 14, 15 жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүк аймагында ири масштабдуу куралдуу кагылышуу болгонун билдирген. Ал тажик тарап «мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасаганын» белгилеген.

Ошондой эле 2021-жылдын апрелинде да Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын аймагында «масштабдуу агрессия жасаганын» айткан.

«Чоң материалдык зыян келтирилди. [Бирок материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен]. Бирок өз өмүрүн аябастан мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң. [...] Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. [...] Биз дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз», — деп айткан президент.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Жапаров «Кыргызстан башка бирөөнүн жерине көз артпай турганын, бирок өзүнүн жеринин бир сантиметрин да бербей турганын» эскерткен

Куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда кыйла курчуп кеткен. 18-сентябрь кечке жуук Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада абал турукташуусу мүмкүн экенин кабарлаган. 20-сентябрь күнү эртең менен Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.