БУУнун баш катчысынын орун басары жана Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМнин башчылары жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Тажикстандын ТИМ башчысы Сирожиддин Мухриддин 23-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында БУУнун баш катчысынын саясий жана тынчтык орнотуу маселелери боюнча орун басары Розмари Дикарлонун катышуусунда жолугушту.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланып, эки тарап көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын билдиришти.

«Тараптар 2022-жылдын 19-сентябрында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча кол коюлган протоколдун алкагындагы макулдашууларды аткаруунун маанилүүлүгүн белгилешти», — деп айтылат кыргыз ТИМи тараткан маалыматта.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги куралдуу кагылыш үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында катталган. Чек арасындагы куралуу жаңжалда 62 кыргызстандык каза болгондугу кабарланган.

Маалыматка ылайык, куралдуу кагылышууда жабыркаган 198 жаран медициналык мекемелерге кайрылган. Анын ичинен 61 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Атышуу болгон аймактардан 140 миңге чукул адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай, инфраструктуралык объекттер талкаланган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажикстан тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атаган.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо. Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километрден ашыгы макулдашылган.