Ташиев: Куралдуу кагылышуу Кыргызстандын аймагында гана болду

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 26-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча журналисттерге маек берди. Анда ал 14-17-сентябрдагы куралдуу жаңжал Кыргызстандын гана аймагында өткөнүн белгиледи.

«Бул жаңжал биздин аймакта болгон. Биз бөлөк мамлекеттин аймагына кирген жокпуз. Кирели деген оюбуз да жок. Биз коргондук. Биз чек араны өтүп келип, биздин аймакты басып алууга аракет кылгандардан өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз менен коргондук [...] Тиешелүү юристтер бар, уюмдар бар, алар өз чечимин чыгарып, ким агрессор болгонун айтышат», — деди УКМК башчысы.

Ошондой эле ал куралдуу кагылышууда тажик тараптан «ар кандай белгисиз кишилер» катышканын белгиледи.

«Биз коңшу өлкөнүн кадимки чек ара кызматы менен чатакташкан жокпуз. Биз башка бир, бөлөк кишилер менен да салгылаштык. Мен азыр аларды кантип аташты билбейм, балким согушкерлер дейбизби… Бирок алар биздин аскерлерге өтө мыкаачы мамиле жасашты. Ал эми биз тараптан кагылышууга аскерлер гана катышты», — деди ал.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга» жана «аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Саткын эмеспиз». Ташиев постторду алууга жергиликтүү эл макул болгонун айтууда