«Саткын эмеспиз». Ташиев постторду алууга жергиликтүү эл макул болгонун айтууда

Камчыбек Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында алына турган посттор боюнча түшүндүрмө берди. Анда ал «постторду алуу жергиликтүү элдин макулдугу менен болду» деп билдирди.

«Аларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кыл деңгээлдеги чыр-чатактар себеп болду. Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан “сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың” деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда, эки тараптын заставаларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген», — деди ал.

Ташиев заставалар алынганы менен «чек ара бир метр ары же бери жылган жок» деп ишендирди. Ал аталган аймактар «24 саат бою көзөмөлдө болот» деп убадалады.

«Азыр 21-кылым. Технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мындан тышкары, аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз көздөрү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет. Андыктан “посттор ачылды” деп элдин башын айлантпагыла. Посттор ачылган жок. Посттор качан гана чек ара тилкелерди тактап бүткөндөн кийин гана ачылат», — деди УКМК башчысы.

Ошондой эле ал «элди дүрбөлөң кылгандар бар экенин» айтып, «алардын кыялы ишке ашпайт» деп билдирди.

«Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, “менден кийин эмне болсо ошол болсун” деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз», — деп убадалады ал.

Эки тараптуу жолугушууда кол коюлган протокол

25-сентябрда Баткен районундагы «Кызыл-Бел» өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулоо үчүн кыргыз-тажик эки тараптуу жолугушуусу өткөн.

Анда Ташиев Тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен «чек арадагы жаңжалды жана анын кесепеттерин токтотуу» боюнча протоколго кол койгон.

Ташиев протоколдун негизинде эки өлкөдөн төрттөн пост толугу менен жоюла турганын айткан.

«Эң негизги маселе, ар дайым согушка алып келген чоң негизги постторду алып салдык. Тажикстан тараптан “Бедак”, “Кех”, “Карачикум”, “Шаршене” заставасы алар дагы толук алына турган болду. Ал эми Кыргызстан тараптан “Тамдык”, “Булак-Башы”, “Катта-Туз”, “Дача” посттору алынат. Ошол жерлерде бир дагы аскер кызматкери жана жөнөкөй жарандар болбой турган, ал жерге эч ким чыкпай турган болду», — деген ал.

Ошондой эле, ал кол коюлган протоколдун негизинде жергиликтүү бийлик органдарына жана күч түзүмдөрүнө бир нече тапшырмалар коюлганын айтып, аны өздөрү көзөмөлгө алып турарын белгилеген.

УКМК төрагасынын айтымында, мындан сырткары мамлекеттик делимитация, демаркация комиссияларынын ишин тездетип, тез аранын ичинде комиссиялар чогулуп, чек ара маселесин чечүү боюнча дагы сүйлөшүү болгон.

Ошондой эле, ал кыргыз тарап протоколдо жазылган бардык пункттарга так жана аны өз убагында аткарат деп айтып, тажик тараптан дагы ушуну талап кыларын кошумчалаган.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга» жана «аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.