Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү жаңы мыйзам сатып алуулардын бир бөлүгүн жарандардан гана жашырбастан, потенциалдуу катышуучулардан — ишкерлерден да жашырууга мүмкүндүк берет. Эми тендерге ким катышса болорун мамлекет өзү чечет, мисалы компьютерлерди сатып алууга кимди катыштырат да кимди жолотпойт. Керек болсо мектеп окуучуларынын окуу китептерин сатып алуу да сыр боюнча калат. Мындан улам баалар өсүп, бюджеттин чыгымы көбөйөт.
Кыскача
- Ушул жазда Жогорку Кеңеш мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү жаңы мыйзамды кабыл алган. Анын азыркы редакциясы тендерди потенциалдуу катышуучулардан жашырууга мүмкүндүк берет. Бул мамлекеттик сатып алуулардын «чектелген ыкмасы» деп аталат.
- Бул ыкмада тендер мурдагыдай эле мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат, бирок аны конкурска катышууга мүмкүнчүлүк алган компаниялар гана көрө алат.
- Мындай тендерди өткөрүүнүн шарты аз эле, бирок ал кеңири чечмелене тургандай жазылган.
- Алардын бири – техникалык жактан оор же инновациялык товарларды же кызматтарды сатып алуу. Татаалдыгын жана инновациялуулугун сатып алып жаткан компания өзү аныктайт. Каалоо болсо, эң эле жөнөкөй кеңсе компьютерин инновациялык жабдык катары көрсөтсө болот.
- Ошондой эле эгер тендер боюнча товарларды жеткирүү «технологиянын өнүгүшүнө же экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берсе» чектелген ыкманы колдонууга болот. Ага мисалы текстиль тармагы кирет. Тигүү цехи үчүн жабдууну сатып алууда сатып алуунун кайсы түрү болбосун жабык ыкма менен ишке ашырууга болот.
- Чектелген ыкманы бийлик башындагылар колдоно алат — президент, парламент төрагасы, минкаб башчысы, министрлер жана президенттик администрациянын объектилери.
- Мындай тендерлерге «квалификациясы жогору жеткирүүчүлөр» деп аталгандар гана тартылат. Бирок мамлекетте андай жеткирүүчүлөрдүн реестри жок, ал эми чындап эле квалификациясы жогору болгон компания өзүнүн тендерге катышпай калганын талаша албайт — ал бул тууралуу жөн гана билбей калат.
- «Тандалма» жеткирүүчүлөрдүн тобуна кошулуунун жолу бар — атайын тандоодон өтүү. Бирок сатып алуучу аны өткөрөбү же жокпу өзү чечет. Балким өткөрбөй да коюшу ыктымал.
Кененирээк
Ушул жылдын жаз мезгилинде Жогорку Кеңеш мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү бир топ талаштуу беренелерди камтыган жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды. Жаңычылдыктардын эң белгилүүсү: мамлекеттик үлүшү 50%дан ашык болгон мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, ошондой эле акционердик коомдорго тендер өткөрбөй, сатып алууларын сайтка жарыялабай эле коюуга мүмкүнчүлүк берилгени болду. 2019-2021-жылдары мамлекеттик чыгымдардын төрттөн үч бөлүгү менчиктин ушундай формасындагы компанияларга туш келген. Алардын чыгымдары көмүскөдө калган.
Бирок бул жаңы киргизилгендердин арасынагы бир гана талаштуу нерсе эмес. Мыйзамдын учурдагы редакциясы мамлекеттик сатып алуулар тууралуу маалыматты жарандардан гана эмес, потенциалдуу сатып алуучулардан дагы жашырып коюуга мүмкүндүк берет. Бул жерде сатып алуунун жаңы ыкмасы — чектелген ыкма тууралуу сөз болуп жатат. Анын колдонулушу атаандаштыкка катуу таасир этип, бюджеттик каражаттын ашыкча коромжу болушуна алып келиши мүмкүн.
«Инновациялар» жүйөө катары
Сатып алуулардын чектелгек ыкмасы — сатып алуучу уюмга (мамлекеттик каражатка товар же кызматтарды алып жаткан кандай ишкана болсо дагы) «квалификациялуу жеткирип берүүчүлөрдүн» арасында гана тендер өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген процедура.
Тендер тууралуу маалымат мурдагыдай эле, мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат, бирок ал конкурска катышууга уруксат берилген фирмаларга гана жеткиликтүү болот.
Ушундай эле баада жана сапатта товар өндүргөн же тейлөө көрсөткөн башка компаниялар тендерге катыша албайт.
Сатып алууларды жашырууга мүмкүнчүлүк берген талаптар болгону бир нече пункттан турат, бирок алар ушунчалык тумандуу жазылгандыктан, дээрлик бардык тендерди жашырып койсо болот.
Өзүңүз талдап көрүңүз. Мисалы, жаңы мыйзам боюнча, төмөндөгүдөй учурда тендерди чектелген ыкма менен өткөрсө болот:
«… товарларды берүү, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү техникалык (технологиялык) жактан татаал, жогорку технологиялык, инновациялык кызмат көрсөтүүгө кирсе».
Бир караган көзгө сүйлөмдүн түзүлүшү өтө прогрессивдүү көрүнөт, анткени технологиялардын өнүгүшү — көпчүлүк өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу багыт, Кыргызстан да мындан артта калгысы келбейт албетте. Бирок, кандай товар же кызмат «техникалык татаал» категориясына кирерин кантип түшүнсө болот? Көрсө, мыйзам долбоорунда так айтылбаптыр.
«Товар же кызмат жогорку технологиялык, татаал же инновациялык экенин сатып алып жаткан компания өзү аныктайт экен — деп түшүндүрдү юрист Ширин Каныбекова. — Мисалы, котормочунун кызматы техникалык татаал иш болбойт, ал эми компьютерлердин ремонту — болот. Экинчи тарабынан, ремонт деле ар түрдүү болушу мүмкүн — техникалык жактан оор эмес түзөтүүлөр деле болушу ыктымал. Ошентип, техникалык себептен улам чектелген ыкма менен тендер жарыялоонун өзү деле алда канча субъективдүү».
Башкача айтканда, мыйзамдын авторлору сатып алуучуларга манипуляция үчүн орун беришкен. Эми алар жөнөкөй кызматтарды да жогорку технологиялык жардам деп каттап, ошону менен бир гана «өздөрүнүн» жеткирип берүүчүлөрүн тендерге тартышы мүмкүн. Алардын баасы жана сапаты рынокко канчалык дал келерин текшерүү кыйын болуп калат. Сатып алуулардагы келишимдер, Кыргызстанда жарыяланбайт. Анткен менен мамлекеттик контракттар тууралуу бардык маалыматтарды ачыктоо жөнүндө мыйзам 2020-жылы эле кабыл алынган. Бирок мамлекеттик сатып алуулардын учурдагы порталында сатып алуучулар аталган маалыматтарды жайгаштыруучу бөлүм таптакыр жок.
«Инновациялык» товар жана кызматтар тууралуу мыйзам долбоорунда бир аз тагыраак жазылган. Мыйзамга ылайык, инновациялык иш — жаңы же рынокто жетишпеген товарларды (кызматтарды) өндүрүүнү даяр кылып бүткөрүүгө багытталган иш. Ал эми инновация — инновациялык иштин жаңы же рынокто жетишпеген же сапаты жакшыртылган товар (кызмат) түрүндөгү акыркы натыйжасы.
«Аныктамасына таянсак, сатып алып жаткан уюм чектелген ыкманы тандоонун алдында, сатып алынып жаткан товар ал рынокто пайда болгонго чейинки товарлардын чындап эле сапаты жагынан мыкты, жаңы экенине ынанышы керек болот», — деп түшүндүрдү Каныбекова. Бирок бул категориялар — «жаңылык», «мыкты сапаттуулук» жана «аналогдордун жоктугу» — бир топ эле субъективдүү.
Санариптешүү
Ошондой эле, чектелген ыкма менен сатып алуударда товарларды жеткирүү, жумушту же кызматтарды аткарууда жүргүзсө болот, эгерде:
«… технологияларды же экономиканын приаритеттүү тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берсе».
Кыргызстандын бийлиги санариптешүү тууралуу көптөн бери эле айтып келатат, ал эми президент Садыр Жапаров футбол талаасына да планшетин көтөрө барат. Бул компьютер сатып алууну деле «технологиянын өнүгүшүнө көмөк көрсөттүү» деп атап, чектелген ыкма менен сатып алууларды жүргүзүүгө болот дегенди түшүндүрбөйбү?
«Бул чындыгында кеңири чечмелөөгө боло турган жапы түшүнүк, — дейт Каныбекова. — Бирок берененин контексттинде [сатып алуулар мыйзамындагы чектелген ыкма жөнүндө] экономиканын приоритеттүү тармактарына басым жасалган, чындап келсе өлкөдө алар анчалык деле көп эмес», — дейт Каныбекова.
Мамлекеттин Кыргызстанды илимий-инновациялык жактан өнүктүрүү боюнча концепциясында, мамлекет энергетика, тоо кен, текстиль, кайра иштетүү тармактарында атаандаштыкка туруштук берген продукцияны өндүрүп жана жогорку технологияларды киргизүү милдетин койгону — бул приоритеттүү тармактар экени айтылат.
«Ошентип экономиканын приоритеттүү тармактары менен байланышы бар сатып алуучу уюм санариптештирүү үчүн серверлерди жана компьютерлерди, анын ичинде документтерди жүгүртүүнү чечсе — бул кыйыр түрдө технологиялардын өнүгүүсү катары түшүнүүгө болот», – деп жыйынтыктайт юрист.
Квалификациялуу жеткирип берүүчү деген ким?
Чектелген ыкма менен өткөрүлүүчү тендерге бир гана «квалификациялуу жеткирип берүүчүлөр» катыша алат. Алар гана порталдагы жарыяларды көрө алышат жана өздөрүнүн сунуштарын киргизип, конкурска катыша алышат. Сатыктык жыйынтыгын да алар гана көрө алышат: сатып алуу боюнча протоколдор баарына жеткиликтүү кылып жарыяланбайт.
Бирок бул «квалификациялуу жеткирип берүүчүлөр» дегендер кимдер, алардын «квалификациясы» эмнеде?
«Квалификация — индивид тарабынан белгилүү бир билим берүү программасын жана/же практикалык тажрыйбаны өздөштүрүүсүн компетенттүү орган тарабынан баалоо жана таануу процессинин натыйжасы»,
—деп айтылат 2019-жылдагы «Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясында».
Бул аныктамага ылайык, сатып алуулардын чектелген ыкмасында квалификациясы мамлекет тарабынан таанылган, диплом, сертификат же башка документтер менен тастыкталган тараптар гана жеткирип берүүчү болуп эсептелет деп божомолдосок болот. Ошондой эле, кызматкерлеринин компетенциясы документтик түрдө тастыкталган — мисалы адвокаттык же аудитордук лицензия менен, компаниялар гана эсептелет. Тастыктоочу документтери жок жеткирип берүүчүнү тандоо мамлекеттик сатып алуулардын эрежелерин бузуу катары каралышы мүмкүн деп эскертти Ширин Каныбекова.
Бирок мамлекеттик сатып алуулар түзүмүндө кандайдыр бир «квалификациясы бар жеткирип берүүчү» реестри жок. Ар бир бир сатып алуучу мекеме чектелген ыкма менен өткөрүлгөн тендердин катышуучуларын өз каалоосу менен тандап алууга укуктуу.
Бардык лицензиялары жана сертификаттары бар, бирок сынакка чакыруу албаган компания мындай чечимди кантип талашары белгисиз бойдон калууда.
«Мыйзамдуу кызыкчылыгы бузулган мамлекеттик сатып алуунун катышуучулары, сатып алуу процессине мыйзамдуу түрдө даттанса болот, — деп тактады юрист. — Бирок сатып алуу тууралуу жарнама чектелген жеткирип берүүчүлөргө жеткиликтүү болгондуктан тендердик билдирүүнү албаган жеткирүүчү бул тууралуу кантип биле алары белгисиз».
Мамлекеттик сатып алуулардагы «фейсконтролдон» кантип өтүүгө болот?
Жаңы жеткирүүчүлөр үчүн тандалган чөйрөгө кирүүнүн бирден бир жолу — алдын ала квалификацияга катышуу. Мыйзамда сатып алуучу уюм, зарыл болсо жеткирүүчүлөрдү алдын ала тандайт:
- Так техникалык тапшырманы иштеп чыгуу же материалдык-техникалык ресурстардын так аныктоо кыйын болгон татаал же жогорку адиштештирилген тапшырма;
- Ар кандай ыкмалар менен аткарууга боло турган тапшырмалар, бул ар башка жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын салыштыруу мүмкүн эмес;
- Тапшырмалар, алардын аткарылышы кийинки иш үчүн маанилүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана белгилүү бир квалификацияны талап кылат.
Бирок жеткирип берүүчүлөрдүн квалификациялык тандоосу — бул сатып алуучу тараптын милдети эмес, укугу. Сатып алуучу мындай тандоо жарыялаган учурда жеткирип берүүчүлөр «квалификациясы бар» чөйрөгө кошулууга мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Сатып алууга катышуунун дагы бир жолу — бул сынакты өткөрүү ыкмасына даттануу. 2022-жылдын аягында мекемелер үч жылга алдын-ала план жана графигин жарыялашы керек. Ошонун ичинде сатып алуунун ыкмасы дагы көрсөтүлөт. Мамлекеттик сатып алуулардын катышуучулары эгер чектелген ыкма мыйзамсыз колдонулса, даттанууга укуктуу.
Мамлекет дагы эмнелерди чектелген ыкма менен сатып ала алат?
Чектелген ыкма ошондой эле төмөнкү учурларда колдонулат:
- мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды, (же) жекелештирүүгө байланышкан сатып алууларды (толук тизмени бул жерден көрсөңүз болот)*;
- жалпы билим берүү окуу китептерин даярдоого;
- Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Министрлер кабинетинин төрагасынын ишин камсыз кылуу жана Кыргыз президентинин администрациясы үчүн арналган тейлөө менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашырууда.
*Ачыгын айтсак, мамлекеттик документтер үчүн бланктарды сатып алуу буга чейин деле мыйзам менен чектелген болчу. «Кыргызстанда буга чейин эле мамлекеттик бланктарды (улуттук паспорт жана айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарынан тышкары) мамлекеттик үлүшү 51%дан кем эмес болгон ишканалар гана басып чыгара алат деген тартип бар болчу. Бул болсо «Учкун» ААК, «Гознак» ЖЧКсы жана президент менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу «Типография» мамлекеттик ишканасы», — деп эсептеп берди юрист Ширин Каныбекова.
Бирок жакшы жактары да бар
«Кээ бир жеткирип берүүчүлөр мамлекеттик сатып алууларга белгилүү бир максат менен — баасын төмөндөтүү, сатып алуунун жыйынтыгына даттануу, сатып алуунун мөөнөтүн созуу үчүн катышарын четке кагуу дагы болбойт, — дейт “Прецедент” компаниясынын юристи Эдил Эралиев. — [Эми сатып алуучу компанияда] иш жүзүндө техникалык (технологиялык) татаал, жогорку технологиялык, инновация менен байланышкан товарларды жеткире албаган, ишин аткара албаган же кызмат көрсөтө албаган жеткирип берүүчүлөрдү чыпкадан өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот».
Юрист эми мамлекеттик сатып алууларга түшкөн даттанууларды чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат, андыктан жеңишке жетпестен, сатып алууну үзгүлтүккө учураткан жеткирип берүүчүлөрдүн иши татаалдашат деп кошумчалады.
Коомчулук сатып алуулар тууралуу таптакыр билбей калат деп айтуу бир аз туура эмес болуп калат деп эсептейт Эралиев. Чектелген ыкма тандалып алынганы жана эмне үчүн бул ыкма тандалганынын негиздери коомчулукка ачык жарыяланат.
«Сатып алуучу уюм бул негиздемени кантип жазары — мыйзамдын пунктуна шилтеме береби же деталдуу жазып чыгабы — башка маселе», — деп түшүндүрдү ал. Канткен менен, туура эмес тандалган ыкма үчүн жоопкерчиликти — сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмү жана жетекчиси өз мойнуна алат — жана бул үчүн жаза укук бузуу жөнүндөгү Кодексте жазылган, деп эскертти Эралиев. Укук бузуучуларга 10 миңдеен 20 миң сомго чейин айып салынат, анын көлөмү сатып алуунун суммасына жараша болот.
*Кылмыш жаза кодексинде да билип туруп (мамлекетке) пайдасыз келишим түзүү үчүн жаза каралган: жаза мүлкүн конфискациялоо менен 300 миңден 1 миллион сомго чейин айып салуу, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну карайт. Бирок бул жаза практикада өтө сейрек колдонулат.
«Преценденттин» юристтерине түшүнүксүз болуп жаткан жалгыз нерсе — экономиканын артыкчылыктуу тармактарынын өнүгүүсүнө дем берүүчү товарларды берүү, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү техникалык (технологиялык) жактан татаал, жогорку технологиялык, инновациялык кызмат көрсөтүүлөргө эмне себептен бийликтин — президент, Жогорку Кеңештин төрагасы жана министрлер кабинетинин башчыларынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуучу сатып алууларды кошуп коюшканы.
Тема боюнча окуңуз: