Иллюстрация: Алина Печенкина «Клооп» үчүн

Бийликтин эрки менен Кыргызстандагы ачык-айкындуулук жарандар үчүн, айрыкча журналисттер үчүн убакыт өткөн сайын азайып барат. Мурдагыдай чиновниктердин декларациясын ээн-эркин карап чыгууну бөгөттөгүсү келет, шайлоолордо мыйзам бузуунун алдын алабыз деген байкоочуларга бут тосот. Ал эми жаңы мыйзамдардын долбоору менен таанышуу барган сайын тозокко айланууда. Ошол эле кезде, адатта кыйла активдүү жарандык коом мындай абалга кайдыгер мамиле кылгансыйт. Себеби эмнеде?

Акыркы эки жылда Кыргызстанда мамлекеттик маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүктү кыскарткан бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Дагы бир нечеси кезекте турат. Ошол эле кезде, азыр өлкөдө бар болгон ачык маалымат булактарынын базасын идеалдуу деп айтканга болбой калды — аларда маалымат көбүнчө толук эмес, ал эми аныктыгын текшерген эч ким жок.

Качан, кантип сиздин эсебиңизден акча жасаганын эч убакта биле албайсыз

Биринчи мисал — чиновниктер менен депутаттардын декларациясы. Кыргызстан — акыркы 15 жылдан бери мамлекеттик жана саясий кызматтарды аркалаган адамдардын мүлкү жана кирешеси тууралуу маалыматтарды жарыялап келе жаткан Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет. Негизи, аталган документтер мамлекетке коррупция менен күрөшүүгө жардам бериши керек, бирок иш жүзүндө ал формалдуулукка айланып калды. Декларациялардагы ачык маалыматтардын тизмеси барган сайын кыскарып турган, ал эми такталбаган маалыматтар үчүн чиновниктерди эч ким жазага тарткан жок. Бул маалыматты «Клооп» дагы тастыктаган. Журналисттер үчүн ушул азыноолак маалымат деле чиновниктердин ачык жана жашырылган активдери тууралуу маалыматтын маанилүү булагы болчу.

2022-жылы жазында президент Садыр Жапаровдун аппараты декларацияларды жашыруун кылууну сунуштаган — мыйзамдан салыкчыларды чиновниктер менен депутаттардын активдери жана маянасы тууралуу жыйынды маалыматтарды жарыялоого милдеттендирген ченемди алып салышкан. Мыйзамдын авторлору мындай түзөтүү киргизүүгө эмне негиз болгонун ачык айтышкан эмес. Эгер депутаттар мыйзамды жыл аягына чейин кабыл алышса, кыргызстандыктар мамлекеттик кызматкерлердин 2021-жылга жана андан кийинки жылдарга карата кирешелери тууралуу маалыматты биле албай калат.

Аны менен катар эле президенттин аппараты кандай гана болбосун мурда-кийин документтешпеген активдерди, анын ичинде мыйзамсыз же кылмыштуу жол менен келген мүлктү «адалдоо» механизмин сунуштады. Андай активдердин ээси болгону — атайын декларация тапшыруу менен салык кызматына кабар бериши керек. «Ашыкча» миллиондогон сом же килейген хансарай кайдан пайда болгонун түшүндүрүнүн кереги жок. Ошол эле учурда, декларациянын автору келечекте активдерди мыйзамсыз сатып алганы үчүн мүмкүн болуучу куугунтуктан кутулат. Мындай декларациялар дагы жашыруун болот — он күндөн кийин аларды жок кылышат.

Мыйзамдын авторлору мурда жашырылган кирешелерди жана жеке менчик мүлктөрдү декларацияга киргизүү инвестицияны көбөйтүп, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтат дешет. Бирок иш жүзүндө жашыруун декларациялар, оор кылмыш кылган адамдарга жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө жол берет.

«Мыйзам долбоорунун алгачкы вариантында декларация кылуудан бошоткон жалгыз берене бар болчу — ал терроризм, — деди “Клоопко” “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова. — Калганы — курал, баңгизат сатуу, коррупция — [булардан түшкөн кирешени адалдаса болот]: адамды текшерип да коюшпайт. Ага келечекте дагы кылмыш ишин козгогонго мүмкүн болбойт».

«Адилеттин» юристтери өкмөттүн суранычы менен жаңы мыйзам долбоорлорун анализдеп чыгып, алар Конституцияга, жазык жана жазык-процессуалдык кодекстерге каршы келерин аныкташкан. Бирок мыйзам чыгаргандар алардын бир эле эскертүүсүн эске алышкан. «Акыркы версиясында акыры [эгер киреше] наркотрафиктен, адам сатуудан, секс кулчулукка тартуудан [түшкөн болсо] жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө болбойт деген жери пайда болгон».

Бирок эң эле чоң коркунуч — аталган мыйзамдар, иш жүзүндө, саясий коррупцияны адалдайт деп белгилешти «Адилеттин» өкүлдөрү.

Өлкөнүн Жазык кодексинде «Мыйзамсыз баюу» беренеси бар, ал БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы ратификациялангандан кийин кодекске кошулган. Бирок ал иштеген деле эмес, себеби Салык кызматы чиновниктердин декларациясын текшерүүнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыккан эмес. Эми минтип президенттин демилгелери коррупцияга каршы күрөштү биротоло фарска айлантып отурат.

Иллюстрация: Алина Печенкина «Клооп» үчүн

Сиз төлөгөн салыктын эсебинен эмне сатылып алынганын эч качан биле албайсыз

Садыр Жапаровдун дагы бир демилгеси — мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды өзгөртүү. 2022-жылдын жай мезгилинен тартып мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мамлекеттин үлүшү 50%дан жогору болгон акционердик коомдор тендер өткөрүүдөн бошотулду, ал эми сатып алуулары тууралуу маалыматтарды жарыялабай деле койсо болот. Бюджеттик чыгымдардын үчтөн бери көмүскөдө калат.

Демек, жакында эле түзүлгөн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин, «Кыргызиндустрия» АКтын жана Туризмди өнүктүрүү фондунун сатып алууларын көрүүгө мүмкүн болбой калат. Атап айтканда, бул компаниялар аркылуу мамлекет тоо-кен казуу, энергетикалык, индустриалдык, туристтик, кыскасы, жакшы киреше берген тармактын баарын көзөмөлдөйт. Бюджеттик каражаттар кандай коротулуп жатканын жарандар билбей калышат.

Мындан тышкары, мыйзамда товарларды жана кызматтарды сатып алуунун жаңы ыкмасы пайда болду — чектелүү, мында тендерге «адискөй» жеткирүүчүлөр гана катышат алат. Чектелүү ыкмасы колдонулганда кандай баада, эмне сатып алынганы тууралуу маалымат жабык болот — аны атаандаштар да, жөнөкөй жарандар дагы көрө алышпайт. Чектелүү ыкмасы менен, мисалы, мектеп китептери сатып алынат.

Жапаровдун тушунда коюлган шарттардын тизмеси дагы кыйна кеңейди, ага ылайык, товарларды жана кызматтарды тендерсиз, жалгыз бир эле жеткирүүчүдөн сатып алууга болот. Эми түз сатып алууларды, буга кошумча, президенттин тапшырмасы менен жүргүзүүгө болот. Мамлекет эмнени сатып алгысы келерин президент өзү чечип турат, ал эми анын министрлер кабинети ылайыктуу жеткирүүчүнү тандап берет.

Президент жаңы мыйзамга кол коюп жатып, ачык атаандаштыкта өтүүчү тендерлерди коррупциянын башкы себеби деп атаган. Ал курулуш тармагындагы жалданма компанияларды мисал кылган. «Ошол тендер деген немеге жамынып алышып [жалданмачылар], буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен, — деп жазган ал Фейсбукта. — Сапаты да начар болгон. Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен».

Мындай кемчиликтерди тендер документацияларын тыкыр иштеп чыгуу жана жана башка жалданмачыларды дагы тартуу менен чечсе болот, бирок өлкөдө башка жол менен кетүүнү эп көрүштү — ким эмне куруп, канча киреше аларын президент жеке өзү чече турган болду. Мунун баары ачык-айкындыкты жана мамлекеттик сатып алууларда атаандаштыкты кыйла азайтат.

Кыргыз бизнесинде кимдин ким экенин эч качан биле албайсыз

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар тууралуу маалыматтар мурда деле анчейин сапаттуу эмес болчу. Мисалга, мамлекеттик сатып алуулар порталында тендердин жыйынтыгы менен түзүлгөн келишимдер жана аларды аткаруу этаптары жарыяланбайт. Натыйжада жарандар, мисалы, мектептин курулушуна тендер өтүп, жалданмачысы тандалганын гана көрө алышат. Бирок ал сатып алуунун документи боюнча курулганбы-жокпу билүүгө болбойт.

Анткен менен мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматтары иликтөөчү журналисттерге ар кандай коррупциялык схемаларды аныктоого жол берчү. Мисалы, «Клооптун» дата бөлүмү иштеп чыккан графикалык базанын жардамы менен, эң эле кирешелүү тендерлерди утуп алып жаткан компаниялардын негиздөөчүлөрү ким экенин көрүүгө мүмкүн болгон. Алсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу мамлекетке күйүүчү май сатып, 1 млрд сом киреше тапкан — бул атасы парламенттин Отун-энергетикалык комплекси боюнча комитетинин мүчөсү болуп турган учурда болгон.

Бирок заманбап куралдар турса дагы, мындай учурларды иликтөө оңойго турбайт, себеби компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөнү толугу менен окшош болушу мүмкүн. Юридикалык жактардын маалыматтык базасы фирма ээлеринин салык номерлерин (ИНН) персоналдык маалыматтардын купуялуулугуна таянып, ачык жарыялабайт, ал эми Салык кызматынын базасында бир канча убактан бери салык төлөөчүлөрдүн катталган жери тууралуу маалымат жок.

Мурда журналисттер Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) сурам кат жолдоп, өлкөдө фамилиясы, аты-жөнү окшош канча адам бар экенин билип алышчу. Бирок жакындан бери ММК андай каттарга жооп бербей калды.

Алар бизге дагы кандай мыйзамдарды белендеп жатканын эч качан биле албайсыз

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Жогорку Кеңеш көптөгөн мыйзамдарды кабыл алды, алардын арасында жаңы кодекстер дагы бар: салык, жазык, жазык-процессуалдык, укук бузуулар тууралуу кодекс. Бул жерде аталган кодекстер коомчулуктун катышуусу жок кабыл алынганы — башкы маселе.

Алгач кодекстердин долбоорлору парламенттин сайтына жарыяланган, андан кийин аларга жарандардан көптөгөн сын-пикир жана сунуштар түшкөн. Бирок алар кабыл алынганга чейин эске алынганбы-жокпу текшерүү мүмкүн эмес эле — кодекстердин акыркы редакциялары жарыяланганбай түз эле президентке жөнөтүлгөн.

Жалпы айтканда, Жогорку Кеңештин сайтындагы мыйзам долбоорлор бөлүмү быр жылдан ашык иштеген эмес. Ал 2020-жылдын октябрында, кезектеги шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон топ Ак үйгө кирип, парламенттин серверин талкалап кеткенден кийин ачылбай калган. Жаңы мыйзамдар кабыл алынганы жарандарга гезиттер аркылуу кабарланган, бирок анда дагы маалыматтар кечигип чыгып турган. Бул «Ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет, себеби анда мыйзамдарды чыгаруу жана өзгөртүү тартиби ачык-айкындык принцибин сактоо менен жүргүзүлүшү керектиги айтылган.

Мурда алар кандай кылмыш кылганын эч качан биле албайсыз

Мамлекеттик сайттардын маалыматтык базаларынын сактыгы — Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын талылуу жери деп эсептелет. 2021-жылдын февралында, президенттик шайлоодон бир ай өткөндөн кийин, (анда Садыр Жапаров кызматына бекиген болчу), Башкы прокуратура расмий сайтын жаңылаган. Ошол эле кезде сайттагы бардык эски пресс-релиздер өчүп кеткен.

Аны утурлай ИИМдин дагы сайты дагы жаңыртылган. Ал жактан дагы жаңылыктар менен пресс-релиздердин архиви жоголуп кеткен. Прокуратурадан мындайча түшүндүрмө беришкен: эски сайттагы бардык материалдар менен маалыматтарды техникалык себептерден улам калыбына келтирүү мүмкүн болгон жок. Бирок иш жүзүндө, жарандар өлкөдө жасалган кылмыштардын эң эле кеңири жана бышык маалыматтык базасынан айрылган.

Сот өкүмдөрү коомчулукка ачык болушу керек, бирок иш жүзүнө келгенде көптөгөн сезимтал, мисалы, коррупциялык иштер боюнча чечимдер сот актыларынын базасында жок. Соттор аларды сурам жөнөтсөң дагы берүүдөн баш тартышат. «Клооптун» юристтери баш тарткан учурда даттанууга аракет кылып, бирок жеңилип калышкан, себеби мыйзам боюнча жарандар сот систамсына доо арыз бере алышпайт.

Ошол эле учурда, соттор чуулгандуу иштер боюнча отурумдарды барган сайын жабык караганга өтүштү. Жакында эле Бишкекте 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш жабык тартипте каралды — сот залына акыйкатчы дагы киргизилген жок.

Мамлекеттик органдардын сайттарындагы түрдүү ачык маалымат базаларынын иши дайыма үзгүлтүккө учурайт. Жогорку аттестациялык комиссиянын сайтында Кыргызстанда жакталган диссертациялардын базасы бир нече жылдан бери иштебей турат. Кызыгы, ал эл аралык «Диссернет» долбоору кыргыз чиновниктери менен депутаттардын илимий иштеринде плагиаттар көп болгону тууралуу бир катар иликтөөлөрдү чыгаргандан кийин «бузулуп калган».

Өткөн жылы «Клооптун» журналисттери COVID-19га каршы өлкөгө келип жаткан гуманитардык жардамдардар кандай бөлүштүрүлүп жатканы тууралуу бирдиктүү маалымат булагын таба албай коюшкан — сайттар же такыр эле ачылбай, же аларда таптакыр эле эски маалымат болгон.

Аларды эл кантип тандап жатканын эч качан биле албайсыз

2021-жылдын сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого байкоочуларды каттоонун тартибин өзгөрткөн. Ошондон бери уставында шайлоо, шайлоо мыйзамдары жана адам укуктары жаатында иш алып барат деп так жазылган уюмдар гана байкоо жүргүзө алат.

БШК жаңы тартипке таянып «Клоопту» жана анын байкоочуларын 2021-жылдын ноябрында Жогорку Кеңештин шайлоосуна каттоодон баш тарткан.

Себеби эң жөнөкөй: буга чейинки шайлоо кампанияларында «Клооп» өлкө боюнча шайлоо тилкелерине миңдеген байкоочу жөнөткөн, алар жүздөгөн, майда-бараттан тартып добуш сатып алуу же шайлоочуларга басым кылууга чейин жеткен мыйзам бузууларды катташкан. Аталган мыйзам бузуулардын көбүн «Клооп» сотко чейин барып, бардык инстанцияларда даттанууга аракет кылган.Жарандардын жана уюмдардын добуш берүүгө байкоо жүргүзүү укугун чектөө «Шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга каршы келет.

Аларда үнчукпай коюу укугу бар

Эркин маалымат алуу укугу Конституцияда бекитилген. Мындан тышкары, журналисттерге мамлекеттик органдардан маалыматтарды катардагы жарандардын сурамына караганда кыска убакыттын ичинде — эки аптада— алууга жол берген «ЖМК жөнүндө» мыйзам бар.

Иш жүзүндө бийлик өкүлдөрү бирде коммерциялык сырга, бирде персоналдык маалыматтар жөнүн мыйзамга таянып, сурамдарды этибарга албай же түз жооп бергенден качканы көбөйдү.

Мисалы, Саламаттык сактоо министрлиги 2021-жылы «Клооптун» кеминде беш сурамын көз жаздымда калтырган. Аталган сурамдар өлкөгө COVID-19га каршы күрөшүү үчүн келип түшкөн гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү тууралуу болчу. Ал эми пандемия күчөп турган маалда кызматка келген министр Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы кармалган. Ага дароо жети кылмыш иши козголгон: коррупция, опузалап пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү — кыязы, Саламаттык сактоо министрлиги жашыра тургандай эле бар окшойт.

Министр кармалаары менен президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин кармалышынын жагдайын иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Бирок көп өтпөй эле комиссиянын ишинин жыйынтыгы ачык айтылбай турганы маалым болгон — комиссияга белгилүү болгон жагдайдын баары президентке гана айтылат.

Буга чейин дагы министрликтин ишин териштирүү аракети болгон. 2020-жылы өлкөдө ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ал жазында, айрыкча 2020-жылдын жай мезгилинде, оору жуктуруу күчөп, өлүм саны аша чаап турганда бийликтин коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүн текшерүүгө милдет алган. Комиссия маалымат чогултуп, чоң маалымат жыйынын куруп, ал жерде көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгени кыйытылган, ал эми мүчөлөрү бир нече интервью беришкен. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу отчёт ошол бойдон жарыяланган эмес, ал эми комиссия көп өтпөй таркап кеткен.

Мамлекет бюджеттен COVID-19га каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражатты кантип коротконун Эсеп палатасы дагы текшерген. 2021-жылдын декабрында аудиторлор прес-конференция берип, текшерүүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу айтып беришкен. Бирок отчёттун өзү, «Эсеп палатасы тууралуу» мыйзамдын 50-беренесине карабастан расмий сайтка жайгаштырылган эмес. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгын Эсеп палатасынын кеңсесинде, документти сүрөткө тартпоо убадасын алган соң гана «Клооптун» журналисттерине таанышууга беришкен.

Отчётто көптөгөн кызыктуу маалыматтар жана мыйзам бузуулардын белгилери камтылыптыр, алар Башкы прокуратуранын текшерүүсүнө берилген экен.

Ал эми прокуратура текшерүүнүн жыйынтыгы, кылмыш иши козголдубу-жокпу деген «Клооптун» суроосуна андан бери жооп бере элек.

Аларды сотко берүүгө укугуңуз жок

Кээде журналисттер сотто жооп алууга болгон укугун коргоп кала алышат. Юстиция министрлиги «Клооптун» юридикалык жактардын негиздөөчүлөрү тууралуу сурамдарына жооп бергенден баш тартканда, журналисттер сотко кайрылып, ишти жеңип алышкан.

Бирок 2017-жылдтан тартып бийлик менен соттошуу оорлоду. Эми болсо соттор мындай доо арыздарды эгер жоопкер катары аткаруу бийлигине караштуу министрлик же ведомство көрсөтүлгөн болсо гана кабыл алышууда. Мыйзам чыгаруу же сот бийлигине, акыйкатчыга, Улуттук банкка доо коюуга мүмкүн эмес — сот аларды жоопкер эмес деп эсептейт*.

*2017-жылы кабыл алынган Административдик-процессуалдык кодекс боюнча административдик доо боюнча «административдик орган» гана — «мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы» жоопкер боло алат.

«Эмне болсоңор ошол болгула». Эмне үчүн жарандык коом эч кандай реакция кылбай жатат?

Кыргызстанда ар бир келген бийлик жарандык коомду колунан келишинче жок кылганга аракет кылганына карабастан, жетишерлик активдүү деп айтса болот. Бирок кеп өлкө ачык-айкындуулукту тездик менен жоготуп баратканы тууралуу болуп жатканда дээрлик эч бир нааразылык угулбай жатат.

Иллюстрация: Алина Печенкина «Клооп» үчүн

Көмүскө активдерди адалдоо жана чиновниктердин декларациясына жеткиликтүүктү жабуу тууралуу мыйзамдарын талдаган «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова жарандык коом ага абдан эле «пассивдүү» реакция кылып койду дейт.

«Ал акыркы күндөрү көп деле мааниге ээ эмес нерселерге реакция кылуу режиминде жашап атат. Депутаттардын сууга түшүүсү, тойлорго, адам кандай кийинип жүргөнүнө. Кайсыл бир олуттуу нерсе болгондо реакция кылбай калат. Мына эми ушул мыйзам иштеп баштаганда, коом пайда боло калган хансарайлар боюнча кыйкыра баштайт, бирок ал убакта иш жасалып калган болот», — деп эсептейт ал.

Жакупова жарандык коом кризистерге чечкиндүү реакция кылганды билбегенин айтат: «Кечиргиле, бирок маселени ал курч болуп турганда чечиш керек да, алдын алуунун үстүндө иштегенди үйрөнүү керек, кесепетине туш келип калганда [кымгуут болбой]».

«Жарандык демилгелер» коомдук фондунун башчысы Динара Ошурахунова республиканын укук коргоочу коомчулугу «чарчаганын» айтат. Ал муну жарандык коом өлкөдө парламенттик башкаруу формасын алып калууга далбастап жатып Садыр Жапаровдун конституциялык реформасына каршы күрөшкө көп күчүн жоготуп койгону менен түшүндүрдү.

«Конституция кабыл алынып, 300дөн ашык мыйзамды инвентаризациялап баштоого старт берилгенде айрымдары коалиция түзүп, аталган процесске катышып жатат, бирок мен жана башка кесиптештерим аталган талкууларга катышуудан баш тарттык. Ага катышкан кесиптештердин көбү эле айласын таппай калды. Жетишпей калдык. Ошондуктан бийлик жана бийликтин айланасындагы топтор өлкөбүздү артка ыргыткан демилгелерди киргизип башташууда», — дейт укук коргоочу.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков дагы жарандык коом чарчаганын айтат. «30 жылда үч революция [болду]. Көптөгөн адамдар — активисттер жана журналисттер — күрөшүп жатат, бирок, тилекке каршы, өлкөнү алдыга сүйрөгөн көрүнүктүү жыйынтыктар жок», — деп белгиледи ал.

Оппозиционер жарандык коом менен журналисттер бийликтин финансылык жана саясий чечимдерин «алыстан» карап жатканын, бул бийликке гана жакшы экенин айтат. «Аларга тиешеси жок маселедей, — деп түшүндүрөт саясатчы. — Өлкөнүн бюджети алардын акчасы эместей».

Анткен менен Жээнбеков өлкөдө коомчулук кайрадан жандана баштады деп эсептейт. «Күздө активдүү саясат башталарына ишенем», — деп жыйынтыктады сөзүн Жээнбеков.Ал эми активист Рита Карасартова бийликтин демилгелерине реакция билдирүүнүн кажети деле калбаганын айтат:«“Эмне болсоңор ошол болгула” деп калдым. Жада калса менде скептицизм пайда болду. Түшүнгөн адамдардын үнүн ушунчалык кичинекей — маселени үстүртөн караган эле эптемей көпчүлүк жеңүүдө».

Авторлору: Екатерина Резникова, Айдай Иргебаева

Редактору: Дмитрий Мотинов