Бириккен демократиялык кыймылдын (БДК) мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди кызматынан четтетип, жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Бул тууралуу Бириккен оппозициянын мүчөлөрүнүн бири Равшан Жээнбеков «Клоопко» билдирди.
Билдирүүдө Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасындагы төрт чек ара постун алып таштоо чечими баткендиктерди «коргоосуз» калтырды деп айтылат.
БДК УКМКнын башчысы республиканы оор абалга кептеп, «компетентсиз» чечимдеринин айынан улуттук кызыкчылыктарды коргоону камсыздай албады деп белгиледи.
Ошондой эле алар Тажикстан эки жылдын ичинде Кыргызстанга эки жолу кол салганын, бул тууралуу президент өзү дагы БУУнун трибунасында айтып, коңшу мамлекетти «агрессор» деп атаганын эске салышты.
Уюм Ташиев кабыл алып кол койгон чечимдер менен документтер Жапаровдун БУУда билдирген позициясына каршы келет деп эсептейт.
«Камчыбек Ташиев башка бийлик бутактары менен макулдашылбаган, олдоксон билдирүүлөрү, алешемдик, алабармандык тайкы сөздөрү жана жашыруун иштеринин кесепетинен 100 жакын кырчындай уул кыздарыбыздан жана жоокерлерибизден ажырап, миңдеген адамдар жабыр тартышты. Жүз миңдеген жарандарыбыз качкын болуп, миңдеген адамдар үй жайынан ажырашты. Ондогон мамлекеттик имараттар, мектептер, бала бакчалар, соода түйүндөр өрттөнүп, талкаланды», — деп айтылат билдирүүдө.
Бириккен оппозиция Кыргызстан эгемендүүлүк алган 30 жылдын ичинде азыркы учурдагыдай оор кырдаалга кабылган эместигин белгиледи. Ал жактан Ташиевди кызматтан алууну уюмдун мүчөлөрү эле эмес, көптөгөн кыргызстандыктар дагы талап кылып жатканын кошумчалашты. 25-сентябрда Кыргызстан жана Тажикстан чек ара жаңжалын токтотуу жана анын кесепеттери жөнүндө протоколго кол койгон.
Ташиев тараптар дайыма чек ара чырына себеп болуп келе жаткан чек ара постторун алганын айткан.
Кыргыз тараптан: «Тамдык» заставасы жана «Булак-Башы», «Катта-Туз» жана «Дача» посттору. Тажик тараптан: «Бедак» заставасы жана «Кех», «Каракчикум» жана «Шаршене» посттору алынган.
Кийинчирээк, УКМКнын басма сөз кызматы кабыл алынган протокол убактылуу экенин, ал кыргыз-тажик чек арасындагы демаркация жана делимитация процесстери толук аяктаганда күчүндө болорун түшүндүргөн. Ал эми протоколдо айтылган тилкелерде, комитеттен белгилешкендей, эки өлкөнүн мобилдүү чек ара отряддары кайтаруу ишин камсыздап жатышат.
Чек арадагы куралдуу кагылышуу
14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.
Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө тажик тарап «акыркы жылдардагы жана акыркы күндөрдөгү мыйзамсыз аракеттеринин документалдуу далилдери бар» экенин билдирген.
Тажик тарап жаңжалдын курчушуна Кыргызстанды айыптап, «кыргыз-тажик чек арасынын бардык тилкесинде окту биринчи кыргыз тарап чыгарган» деп келет.
Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.