ӨКМ: Баткенден эвакуацияланган 92 миңден ашык тургун үйлөрүнө кайта баштады

Баткендеги чек арага жакын аймактардан эвакуацияланган 92 миңден ашык тургун үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемеден буга чейин 136 миңден ашуун жаран коопсуз райондорго чыгарылганын маалымдады. Алардын ичинен 36 миң киши — жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө, 4 207 киши — атайын эвакуация пункттарына жайгаштырылган, ал эми 3 800 киши — башка облустардагы туугандарыныкына чыгып кеткен.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынан 5 миң киши коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болорун 25-сентябрда УКМКнын төрагассы Камчыбек Ташиев да айткан. Ал үйлөрүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн ӨКМ жана жергиликтүү бийлик транспорт уюштуруп берерин кошумчалаган.

Ташиев бул тууралуу Баткен облусунун «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Тажикстандын УКМКсынын башчысы менен жолугушкандан кийин айткан.

Ошондой эле Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы жаңжалды токтотуу жана анын кесепеттери жөнүндө протоколго кол коюшканын белгилеген.

Ташиев тараптар дайыма чек ара чырына себеп болуп келе жаткан чек ара постторун, Тажикстан өз тарабынан төрт, ал эми Кыргызстан өз тарабынан төрт чек ара постун алганын айткан. Ал кыргызстандыктарды 25-сентябрдан тарта чек арада тынчтык орнойт деп ишендирген.

Чек арадагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

18-сентябрда Кыргызстандын ТИМи чек арада болгон окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.