Депутат Улан Бакасов Нарын эли Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы экенин айтты

Нарын районундагы Эчки-Башы, Жан-Булак жана Эмгекчил айылдарынын тургундары Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы болушууда. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Бакасов жыйында минкабдын өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Солтон-Сарыдагы кен казган компаниялардын ишмердүүлүгүн токтотуу керек экенин айтты.

«Садыр Жапаров президент болгон жылы Нарынга жолугушууга келгенде “Алар мыйзамсыз экен. Эми кытайга бир карыш жер берилбейт” деп убада берген. Бирок, тилекке каршы, эки айдан бери ошол компания келип, жайлоону талкалап, суулар булгана баштады. Кыргызстандын келечегине көп пайда алып келчү кенибизди башкаларга берип, жайлообуздун жок болушуна каршыбыз. Болбосо айла жок, эл өзүбүз түшүрөбүз», — деп ал жергиликтүү элдин кайрылуусун окуду. 

Бакасов президентке «эл каршы эмес, макул» деп туура эмес маалымат жетип жатканы үчүн, компания ишин кайра баштаганын белгиледи.

Ошондой эле ал 2019-жылы Солтон-Сарыда кен казууга каршы болгон эл компаниянын өкүлдөрүн тоодон кубалап чыккан окуяны эскертип, «ошол окуя кайра кайталанбашы керек» деп кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын август айында президент Садыр Жапаров Кытайдын Zhоng Ji компаниясына Нарын облусундагы Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мындан ары компанияга башка жердин жер кыртышын бузбастан Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилгенин жазган.

Солтон-Сары алтын кениндеги ызы-чуу

Нарындын Солтон-Сары кенинде алтынды 1994-жылы эле каза башташкан. Ошол убакта «Кыргызалтын» Алтын-Төр тилкесин иштете баштаган — бул эгемендүү Кыргызстандын өз акчасына курулган алгачкы тоо кен ишканасы болгон. Ал эми Бучук участогун иштетүү укугун 2013-жылы кытайлык Zhоng Ji компаниясы алган.

2019-жылы кытайлык компаниянын базасында жергиликтүү эки жигит менен компаниянын ондогон кызматкерлеринин ортосунда уруш чыгып кеткен. Айыл тургундарынын айтымында, алар жөн гана суу сурагылары келишкен, кытайлар болсо аларды катуу сабап салышкан. Бирок, кытайлык компания болсо жигиттер мас абалда болгонун, кызматкерлери жөн гана коргонушканын айткан.

Жигиттер ооруканага түшкөнү айтылган. Ал эми эртеси күнү кен казган жерге ишкананын жабылышын талап кылган 500дөн 1000ге чейин киши барган.

Жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулардын ортосундагы уруштардын алдын алуу үчүн кенге Нарын облусунун ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов да барган. Кайыпов айылдыктарга маселени чечүүнү убадалаган.

Солтон-Сарыдагы жаңжалдан кийин өкмөт кытай компаниясынын ишин убактылуу токтоткон. Анын жетекчилиги кызматкерлери менен техникаларын кайра Кытайга чыгарып кеткен. ИИМ болсо башаламандыктарды тергеп баштаган.

Жаңжалга чейин Мамэкотехинспекция компаниянын ишинде 83 бузуу таап, 448 миң сомго штраф жазып берген.

Ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусундагы өкүлү Кумар Исакова 2019-жылдын июль айында 22 кой кырылып, алардын экөөсүнүн этинде нитрат менен мышьяк табылган, калгандары таза чыкканын билдирген.

Тема боюнча:

Жергиликтүүлөр 11 жылдан бери каршы болуп келе жаткан Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

Солтон-Сарыдагы жек көрүү жана коркунуч. Кытайдан бизге, бизден Кытайга эмне керек?