Блогер Варламов Орусиядан келгендер үчүн Кыргызстандагы жашоонун артыкчылыктарын айтып берди

Орусиялык блогер Илья Варламов мобилизация жарыялангандан кийин качып келген орусиялыктар үчүн Кыргызстандагы жашоонун артыкчылыктары менен кемчиликтери тууралуу пикири менен бөлүштү. Билдирүүсүн блогер Инстаграм барагына жарыялады.

«Бүгүн көптөгөн балдар кайда барсам деп ойлонуп жүрөт? Эмне үчүн Кыргызстанга болбостур? Тилерге жаман-жакшы жактарын кыска айтып берем», — деп жазды Варламов.

Жакшы деп блогер Кыргызстандын жаратылышын атап, аны Швейцарияныкы менен салыштырды, ошондой эле элдин боорукерлиги менен жардамга даярдыгын белгиледи.

«Бул жерде ачка, үйсүз калуу мүмкүн эмес. Дайым жардам берип, айтып берип, оор абалдан куткарышат. Башкысы “Киргизия” дебегиле», — деп жазды ал.

Блогер өлкөнүн эркиндигин да атады. Анын пикиринде, Кыргызстан Борбор Азиядагы эң эле эркин жана демократиялуу өлкө.

Варламов төмөнкү артыкчылыктарды дагы тизмектеген:

  • тил жагынан маселе болбойт — баары орусча сүйлөшөт. Көпчүлүк документтер Орусияда да, Кыргызстанда да таанылат, мисалы, нотарилдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар;
  • баары арзан, даамдуу! Турак жай жана кеңселерди ижарага алуунун баасы арзан. Юридикалык жана медициналык кызматтар Орусияга караганда беш эсе арзан;
  • бизнести каттоо жеңил, салыктары төмөн. IT-адистер үчүн «Санарип көчмөн визасы» бар;
  • жергиликтүү банктар орусиялыктарга картаны оңой эле ачып берет;
  • деңиз жок, бирок Ысык-Көл бар. Ысык-Көл турганда деңиздин эмне кереги бар?
  • мыкты жаштар абдан көп, баары жигердүү өнүгүп жатат;
  • Бишкектен зээригип кеттиңерби? Анда Алматага чейин унаа менен болгону 4 саатта жетсе болот.

Варламов Кыргызстандагы кемчиликтерди да атаганды унуткан жок. Анын айтымында, өлкөнүн шаарлары «90-жылдардан чыкпай калган», кооптуу жана ыңгайсыз.

Дагы бир кемчилик катары блогер коомдук транспортту жана тыгындарды атады. Варламов өлкөнүн ири шаарларында экология начардыгын кошумчалады.

«Бишкекте дем алууга мүмкүн эмес, анткени унаалардын көбү эски жана эч кандай талаптарга жооп бербейт. Жөө жүргүнчүлөрдү сыйлашпайт. Тоскоолдуксуз чөйрөнү унуткула. Архитектуралык, айрыкча тарыхый жактан алганда, өтө аянычтуу. Аэропортту жаңылап коюшса деле болмок», — деп жыйынтыктады блогер сөзүн.

Варламов Кыргызстанга буга чейин да келип жүргөн. Акыркы жолу 2020-2021-жылдары келип кеткен. Биринчи келгенинде блогер Бишкек шаарынын инфраструктурасын сындап, талкаланган тротуарлар жана жолдордогу тыгын тууралуу айткан.

Мындан тышкары, ал борбор калаанын ошол учурдагы мэри Азиз Суракматов менен жолугуп, чогу тамактанууга да үлгүргөн.

2021-жылы блогер Ошко барган. Сапарынан кийинки айткан сындарына карабстан Варламов Бишкек жана Ошко баргандан кийин жакшы таасирде калганын билдирген. Андан соң өлкөдөгү саякаты учурунда тарткан сүрөттөр топтомун жарыялаган.