«Жолду укмуш арстан кайтарып турат». Орусиялык блогер Илья Варламов Ошко келди

Орусиялык урбанист жана блогер Илья Варламов Ошко келди. Ал түштүк калаанын көчөлөрүнөн сейилдеп, көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалындагы советтик мозаикага баам салып, тротуардан толгой-токой таштанды көргөн.

Варламов Оштун көчөлөрүнүн биринде арстандын скульптурасын көрүп, аны «өтө сонун» экен деп атаган.

Андан тышкары, ал «Ош мэриясынын кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп, блогерге видего тартууга тыюу салган» аялды тартып алган.

«Мэриянын кызматкери артыбыздан түшүп алды», — деп жазган ал тарыхчаларында. Ал эми ал аял үйүмө бара жатам деп жооп берген.

Варламовдун Инстаграмынан скриншот.

Буга чейин Варламов Бишкекке келип, ютуб-каналына берүүсүн тартып кеткен. Берүүсүндө ал калаа инфраструктурасын, жолдорду, жакында эле курулган сейил бактарын жана бийликтин ишин сынга алган. Ал «Живой Журнал» сайтында Бишкек кандай таасир калтырганын жана эмнеси жакпай калганын дагы жазган.

Варламов Бишкекке 2-сентябрда, дагы бир орусиялык блогер Максим Верниктин коштоосунда келген. Саякатынын бир нече күнүндө шаардан алган таасирлери менен соцтармактагы барактары аркылуу жигердүү бөлүшүп турган.

Ал түгүл жергиликтүү айдоочулардын жолдогу маданиятын көрүп, аларды инстаграм барагында «койлор» деп атаганы үчүн коркуткандар дагы болгон.

Ызаланган кыргызстандыктар нааразылыгын уят сөздөр менен жазышкан, ал эми эркин күрөш боюнча спорт чебери Тилек Усупов Варламовго «жолугуп, жолдогу койлорду талкуулоону» сунуштаган.

Ошондой эле социалдык тармактарда Варламов «Супарада» ошол убакта «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон эл өкүлү Марлен Маматалиев менен тамактанганы кызуу талкууланган. Аталган партия таасирлүү Матраимовдордун кланы менен байланыштуу деп айтылып келет.

Колдонуучулар Маматалиевдин «меймандостугун» анча жактырышкан эмес, бирок Варламов өзү соцтүйүнгө этнокомплексте жаңылыктар чыгарылышын тартып жүрүп, депутатка кокустан жолугуп калганын жазган.

Варламов эки жолу маек курууга үлгүрүп, анда ал Бишкек кандай таасир калтырганын жана калаанын көйгөйлөрү тууралуу айтып берген.