Ала-Бука: Алтын казган компаниянын кызматкерлери иске ууланып, экөө каза болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кен казган компаниялардын биринде иштеген беш адам иске ууланып, экөө каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 11-октябрда болгон. Анда компанияда иштеп жаткан Ала-Бука районунун 37 жаштагы тургуну иске ууланып, окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми ошол эле райондун 29, 34 жаштагы жана Чаткал районунун 24 жаштагы тургундары оор абалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Ошол эле күнү саат 16:00 чамасында Чаткал районунун дагы бир 24 жаштагы тургуну иске ууланып каза болуп калган.

Бул факты Ала-Бука РИИБдин электрондук журналына «Уулануу» беренеси менен катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

«Клооптун» ишенимдүү булагы билдиргендей, уулангандар Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын кызматкерлери болгон.

«Фулл Голд Майнинг»

Иштамберди алтын кенин «Фулл Голд Майнинг» компаниясы иштетип келет. Жергиликтүү тургундар буга чейин аталган компания алтынды өндүрүүдө «цианид колдонот» деп нааразы болуп келишкен. Мындан сырткары, тургундар компания «иштетилген уулуу заттарды туура эмес сактагандыктан, ал жердин кыртышына сиңип кеткенин» айтышкан. Буга байланыштуу жергиликтүүлөр компания ишин токтотсун деп талап кылып келишет.

Ал эми «Фулл Голд Майнингдин» өкүлдөрү бир нече жылдан бери цианид колдонбой калганын айтышат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Фулл Голд Майнинг» компаниясы Иштамберди кенинин 800 гектар жеринде 2007-жылы чалгындоо иштерин баштаган.

Бир жылдан кийин кендин үстүнкү жагынан 137,3 гектар жерди, кийинчерээк 2011-жылы кошумча 157 гектар тилкени өндүрүп баштаган. Мекеменин басма сөз кызматы Иштамберди кенинде 25 тоннага чукул алтын бардыгын маалымдайт.

Тема боюнча:

Иштамберди кенин иштеткен компаниянын жумушчулары иш таштады