«Медиа Полиси институту»: Парламент трибунасы эркин ЖМКга куру доомат коюучу жер эмес

13-октябрда «Медиа Полиси институтунун» юристтери Фейсбук барагына «Азаттыктын» кеңсесинин алдында басылманы жана дагы эки редакцияны — «Клооп» менен Kaktus.media’ны жабуу боюнча өткөн митинг тууралуу билдирүү таратты.

Мындан тышкары уюм депутат Надира Нарматованын бул көз карандысыз үч басылманы жабуу боюнча демилгеси тууралуу да комментарий берди.

«Биз болгон окуяны көз каранды эмес ЖМКлардын эркин маалымат мейкиндигин чектөө максатында журналисттерге козголгон кылмыш иштери, сөз эркиндигин чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлору, эркин медианы жаманатты кылуу аракеттери сыяктуу жасалып жаткан системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп эсептейбиз», — деп билдиришти юристтер.

Митинг тууралуу

13-октябрда «Азаттыктын» кеңсесинин алдындагы митингде 30 жакын адам чогулуп, үч көз карандысыз басылманы жабууну жана «Чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну талап кылган.

Митингдин модератору Илимбек Исраилов акциянын соңунда эгер Кыргызстан бул мыйзамды кабыл албаса, «Азаттыктын» кеңсесин өрттөйм деп коркута баштаган.

«Бул редакцияларды жабууну талап кылган кезектеги акция көз карандысыз редакциялардын ишмердигине басым жана кесиптик ишмердигин коопсуз жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу болуп саналат. Үч редакцияга нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын мындай аракеттери жол берилгис жана басылмаларды жабуу талабы мыйзамсыз деп эсептейбиз», — деп баса белгилешти «Медиа Полиси институтунан».

Мындан тышкары, юристтер Кыргызстандын Конституциясы сөз эркиндигине, оюн эркин айтууга жана прессага кепилдик берерин эске салды. Өлкөнүн башкы мыйзамында ЖМКны цензура кылууга тыюу салынган.

«Эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргызстан сөз эркиндигине болгон укугун колдоо жана коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү — деп эскертишет юристтер. — Буга байланыштуу биз мамлекетти өз милдетин так аткарууга жана көз карандысыз ЖМКнын коопсуз жана эркин иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырабыз. ИИМден “Азаттыктын” кеңсесинин алдындагы митинг, редакциянын дарегине айтылган коркутуулар жана эгер кылмыштын кандайдыр бир белгилери байкалса, күнөөлүлөрдү жоопко тартууну жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүүнү талап кылабыз».

Депутат Нарматованын кол топтоосу жөнүндө

Буга чейин, 12-октябрда депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп жатканын айткан. Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деп белгилеп, далилдеп берүүсүн талап кылган.

Митингдин координатору Илимбек Исраилов 24.kg басылмасына Нарматова «аларды соцтүйүндө колдой турганын» айткан. Анын айтымында, басылмаларды жабуу боюнча 250 миң кол топтолгон, эми дагы 100 миң топтоо керек. Ал петиция Ош жана Ысык-Көл облустарында ошондой эле борбор калаада башталганын билдирген.

Депутаттын бул кадамын «Медиа Полиси институту» депутаттык этиканы, Конституциянын талаптарын жана «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү» мыйзамдын талаптарын одоно бузуу деп аташты.

«Мыйзамда депутаттык Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу милдетин ишке ашырууга укук берилген мыйзам чыгаруу бийлигиндеги эң жогорку саясий мамлекеттик кызмат экени так жазылган. Ошол эле кезде, мыйзамда депутаттын кайсы бир уюмду же мекемени жабуу боюнча демилге көтөрүп/кол топтоо ыйгарым укуктары каралган эмес», — деп белгилешти юристтер.

Мыйзамга ылайык, «Медиа Полиси институтунан» кайсы бир уюмдун ишмердүүлүгү негиздөөчүнүн же соттун чечими менен гана токтотулушу мүмкүн экенин баса белгилешет.

«Парламенттик трибунаны Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКга куру доомат коюуга колдонууга болбойт», — дешет алат.

Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап бара жатат. Өлкө бийлиги чет элдик агенттер жана жалган маалымат таратуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөө тууралуу эски демилгелерди көтөрө башташты. Көз карандысыз басылмалардын кеңселеринин алдында митингдер өтүп, журналисттер кармалып, ошондой эле алардын аккаунттарын бузуп кирүү аракеттери болууда.

Бир катар медиа уюмдар бийликти журналисттерге жана ЖМКга карата басымды токтотууга, ошондой эле сөз эркиндигине каршы мыйзам долбоорлорун демилгелегенди токтотууга чакырышкан. Бирок абал жакшырган жок, ал эми бийлик көз карандысыз медиага басым кылган жаңы мыйзамды сунуштап жатат, ал көз карандысыз ЖМКга кысым көрсөтүүнүн жаңы рычагы болуп калышы ыктымал.

Дагы окуңуз:

Медиа коомчулук бийликти сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга чакырды

Бишкекте «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өттү