Бишкекте «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өттү

13-октябрда 30га чукул адам «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларына каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар «Азаттык» үналгысынын Бишкек шаарындагы имаратынын алдына чогулушту.

Нааразы болгон топ « “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” кетсин», « “Азаттык” — эл душманы», «НПОчуларга жол жок» деген жазуусу бар кагаздарды көтөрүп турушту. Ошондой эле алар депутаттардан «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууну талап кылышты.

Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраилов эгер «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп эскертти.

«Сатылма, булар жакшылык кылбайт. [...] Kaktus Media — Орусиянын жетим жүгүрүгү, “Клооп” менен “Азаттык” — Американын жетим жүгүрүгү. Булар Кыргызстанда таптакыр чагылдырбасын. Бейөкмөт уюмдар өз уставынан чыгып, биздин саясатка кийлигишип кетип жатат», — деди ал.

Митингдин айрым катышуучулары «Азаттык» «бир тараптуу маалымат берип жатат» деп күнөөлөп, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга жана анын кесепеттерине айыпташты.

Акциянын уюштуруучулары «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларына каршы Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүп, кол чогулта турганын кошумчалашты.

Илимбек Исраилов — өзүн блогер атап, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарга каршы митингтердин катышуучусу. Ал Ошто коррупционер Райымбек Матраимовду колдоо митингине да катышып, «Азаттык» менен «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык кылган.

Мындан тышкары, Temirov Live’дын журналисттери Исраилов 2021-жылдын 15-апрелинде өткөн бейөкмөт уюмдарга жана ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы митингдин модераторлорунун арасында болгонун аныкташкан.

Буга чейин, 12-октябрда депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп жатканын айткан. Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деп белгилеп, далилдеп берүүсүн талап кылган.

Нарматова да буга чейин парламентте «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну сунуштаган.

Көз карандысыз ЖМКга болгон кысым

Кыргызстанда көз карандысыз басылмалар кысымга учурап келет. Буга чейин, 15-сентябрда Оштун борбордук аянтында 30га чукул киши «Азаттыктын» кеңсе ачышына каршы митинг өткөрүшкөн. Ал эми айрым депутаттар бул маселени парламентте көтөрүп чыгып, басылманын кеңсе ачышына каршы болушкан.

Ал эми жыл башында өлкөнүн көз карандасыз медиалары: «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus.Media’га каршы митинг өткөн. Ал эми 12-сентябрда «Клооптун» кеңсеси аңдууга кабылган.

Мындан тышкары, көз карандысыз журналист Болот Темиров жана анын Temirov Live басылмасынын командасы дагы куугунтукка кабылган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөөлөрдөн кийин журналистке карата төрт кылмыш иши козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн «куугунттук кылууда» деп атаган. Ал эми УКМК төрагасы иликтөөдөгү маалыматтар «ойдон токулган» деп, айыптоолорду четке каккан.

Бирок тергөөнүн документтери менен таанышып чыккан «Клооп» жана OCCRP’нин журналисттери Темировго карата куугунтук жогору жактан, УКМКнын жетектөөсү менен уюштурулган деген жыйынтыкка келишкен.

Ошондой эле март айынын башында Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев УКМК тарабынан кармалып, телеканалдын ичине кирүүгө тыюу салынган. Кийинчерээк Дүйшөнбиев «улуттар аралык кастыкты козутуу» боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынып, сот залынан бошотулган.

Тема боюнча:

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат

Атазов жана Матраимовдун колдоочулары «Кактус Медиа» жана «Клооптун» алдында митинг өткөрүштү