Нарматова «Клооп», «Азаттык», Kaktus Media’ны жаптыруу үчүн депутаттардан кол топтоп жатат — Бекешев

Материал 18:10до жаңыланды

Депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы жыйынында депутаттардан кол топтоп жатат. Бул тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев телеграм каналында билдирди.

Бекешев Нарматованын кайрылуусунда «президент “Клооп”, “Азаттык”, “Кактусту” жабышы керек» деп жазылганын белгиледи.

«Мен бул кат мыйзамга таптакыр туура келбейт деп эсептейм. Себеби, кайсыл бир массалык маалымат каражатын жаптырууну талап кылууга эч кимдин укугу жок», — деди ал.

Ал эми Надира Нарматова «Клоопко» Бекешевдин билдирүүсү «жалган» деп белгиледи. Ал өзүнүн кол топтоп жатканы тууралуу маалыматты ЖМКдан окуганын айтып, «андай маалыматы Дастан Бекешов кайдан алыптыр» деп суроо салды.

Материал жарык көргөндөн кийин Бекешев твиттер аркылуу Нарматова анын кабинетине «“далилдеп бер” деп урушканы келгенин жазды». Ал ошондой эле Нарматованын кол топтоп жатканын депутаттардын көпчүлүгү көргөнүн, айрымдары кол койгонун белгиледи.

Буга чейин, 15-сентябрда Оштун борбордук аянтында 30га чукул киши «Азаттыктын» кеңсе ачышына каршы митинг өткөрүшкөн. Ал эми айрым депутаттар бул маселени парламентте көтөрүп чыгып, басылманын кеңсе ачышына каршы болушкан.

Надира Нарматова «“Азаттыктын” кыргыз мамлекетинин жакшы жагынан, тескери жагын көп көрсөтүп келе жатканы — ачуу чындык» деп белгилеген.

«Ошондуктан бул маселени өзүңүз карап, тиешелүү адамдар менен сүйлөшүп, улут аралык мамилеге чок салбай, элдердин кыжырын кайнатпай, мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна шек келтирбей тыюу салыңыз», — деп Нарматова парламент төрагасына кайрылган.

Надира Нарматова — парламенттеги бийликчил «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты. Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында ал парламент жыйынында кесиптештерин 2014-жылы өзү демилгелеген «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууга чакырган. Депутат Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар «бийликке тынчтык бербей жатат» деп эсептейт.

Көз карандысыз ЖМКга болгон кысым

Кыргызстанда көз карандысыз басылмалар кысымга учурап келет. Буга чейин, 12-сентябрда «Клооптун» кеңсеси аңдууга кабылган.

Ал эми жылдын башында өлкөнүн көз карандасыз медиалары: «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus.Media’га каршы митинг өткөн.

Мындан тышкары, көз карандысыз журналист Болот Темиров жана анын Temirov Live басылмасынын командасы дагы куугунтукка кабылган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөөлөрдөн кийин журналистке карата төрт кылмыш иши козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн «куугунттук кылууда» деп атаган. Ал эми УКМК төрагасы иликтөөдөгү маалыматтар «ойдон токулган» деп, айыптоолорду четке каккан.

Бирок тергөөнүн документтери менен таанышып чыккан «Клооп» жана OCCRP’нин журналисттери Темировго карата куугунтук жогору жактан, УКМКнын жетектөөсү менен уюштурулган деген жыйынтыкка келишкен.

Ошондой эле март айынын башында Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев УКМК тарабынан кармалып, телеканалдын ичине кирүүгө тыюу салынган. Кийинчерээк Дүйшөнбиев «улуттар аралык кастыкты козутуу» боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынып, сот залынан бошотулган.

Тема боюнча:

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат

Атазов жана Матраимовдун колдоочулары «Кактус Медиа» жана «Клооптун» алдында митинг өткөрүштү